Депутаттар «кыз ала качкандарга жазаны катуулатабыз» деп шымалана киришип, 18-октябрда бул кылмышты жасагандар 3төн 7 жылга чейин эркинен ажыратылсын деген мыйзамды экинчи окууда кабыл алышкан эле.
24-октябрь күнү депутат Ширин Айтматованын жардамчысы 5-каналдын кабарчысын Ысык-Көлгө ала качып кеткени маалым болду. Тил табышпаган көрүнөт, ошол эле күнү кабарчы кызды кайтарып алып келишиптир. Бирок кабарчы кыз шок жигитти сотко берүүгө ниети жоктугун билдирди. Бул окуяга эл өкүлү Ширин айым өзү да комментарий берип, жардамчысынын кылыгын туура эмес деп эсептей турганын билдирди