САБАЛГАН СУДЬЯ БАШКА РАЙОНГО КОТОРУЛДУ

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда токмоктолгон жергиликтүү судья Абибилла Жарымбетов убактылуу башка райондук сотко которулду. Бул тууралуу 24-октябрда Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.
Эске салсак, Жарымбетов 16-сентябрда ээнбаштык боюнча айыпталган Рахмидин Эгембердиев менен Шухрат Эгембердиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Анын чечимин облустук сот да күчүндө калтырган. Эки адамдын үй камагына чыкканына нааразы болгон топ 25-сентябрда иш бөлмөсүндө отурган судья Абибилла Жарымбетовду сыртка сүйрөп чыгып, ур-токмокко алган.
Сабалган судьяны башка районго убактылуу которуу чечими Жогорку Соттун судьясы Абиджан Исаков Ала-Букага барып келгенден кийин кабыл алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан