Кыргыз Эл жазуучусу, легендарлуу парламенттин депутаты Мар Байжиевдин небереси «Бишкектеги мектептердин биринде рэкетчилик кылган» деген шек менен кармалган. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдиргендей, 2012-жылдын октябрь айынын башында №29-мектептин окуучусунун ата-энеси милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар борбордогу №29 жана №14-мектептин окуучулары уулунан 3 миң сом талап кылганын айтып арызданышкан.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан парламенттин экс-депутатынын небереси, 1996-жылы туулган Н.Байжиев, аны менен бирге Ош облкомпартиясынын мурдагы биринчи катчысы Кеңеш Кулматовдун небереси, 1997-жылы туулган М.Кулматов кармалган. Жашы жете элек эки өспүрүмдүн үстүнөн тергөө иштери уланууда.