22-октябрда Бишкек шаардык соту депутат САДЫР ЖАПАРОВду 2 айга камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
Кыргызстан «Токтогул» суу сактагычында сууну үнөмдөө максатында ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭКСПОРТТООНУ ТОКТОТТУ.
22-октябрда Ош-Бишкек жолунда кичиавтобус менен КамАЗ кагылышып, 5 АДАМ КАЗА ТАПТЫ.
3-октябрдагы баш аламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталып камалган мурдагы аскер прокурору КУБАТБЕК КОЖОНАЛИЕВ ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
2013-жыл КМШда Экологиялык МАДАНИЯТ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО жылы болуп жарыяланат.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 26-октябрда Айт намазга туулган айылы Арашандагы мечитке барарын Диний башкармалык кабарлады.
24-октябрда Улуттук көркөм сүрөт-искусство музейинде Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл сүрөтчүсү ГАПАР АЙТИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА арналган көргөзмө ачылды.
ЖКда «Ата Журт» фракциясынын убактылуу лидери болуп МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ шайланды.
Бишкекте «АМАН БАНКТАН» 800 МИҢ ДОЛЛАР уурдап кеткен банк кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Прокуратура мурдагы министр РАВШАН САБИРОВду 15 жылга, ал эми анын жардамчысы ТАХИР МИРЗАХМЕДОВду 14 жылга эркинен ажыратууну суранды.
2-ноябрда 12 АЛТЫН КЕНИНЕ лицензия берүү боюнча аукцион өтөт.
«Манас» аэропортунда 8 КИЛОГРАММ ГЕРОИН алып бараткан Беларусь жараны кармалды.
Президент Алмазбек Атамбаев жоюлган МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНЫН согуштук туусун жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.