РЫСБЕК АКМАТБАЕВди АТКАН КИШИ ФЕДЕРАЦИЯНЫ ЖЕТЕКТЕП ЖҮРГӨНБҮ?

Жакында Англияда КРнын Таэквондо федерациясынын президенти Виталий Олиниченкону кыргызстандык спортчу Абдула Хегай ур-токмокко алып, 1200 доллар өлчөмүндөгү акчаны жана федерацияга тиешелүү документтерди алып кеткени айтылган. Виталий Олиниченко: «Хегай жасалма документ, сертификаттар менен таэквондого тиешеси жок кишилерди «кара курдун» ээси кылып жүрөт. Анан да ал биздин федерациядан документ топтоп, өзүн федерациянын президенти кылып алган. Бирок Эл аралык отурумдарда федерациянын жүзү катары мен чакырылам»,- деп билдирди кийин. Бул иш боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Башка өлкөгө барып «өнөрүбүздү» көрсөтүп жатканыбызга кейип турсак, спортко тиешелүү дагы бир чуу башталды...

СПОРТ ДҮЙНӨСҮ ЧЫРГА АРАЛАШТЫБЫ?
Бул окуя катталган күнү, тагыраак айтканда, 19-октябрда КРнын Дзюдо федерациясынын президенти Азамат Бакасов
КРнын ИИМи тарабынан кармалды. Бакасовдун тегерегиндеги чыр 2 айдан бери созулуп келсе да, ИИМдин бул кадамы спорт дүйнөсүндө таң калтыруу жаратпай койгон жок. Буга «ИИМ мени Улуттук Олимпиада Комитетин сындаганым үчүн кармады»,- деп жар салды Бакасов. Ал эми министрликтин маалыматы боюнча, Бакасов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экен. УОК аны расмий түрдө федерациянын президенти эмес экенин билдирди. Кармалгандан көп өтпөй бошотулган Азамат Бакасов журналисттер менен жолугушуп, өз оюн билдирди.

Азамат Бакасов, КРнын Дзюдо федерациясынын президенти:
«МЕНИ ЖӨН ЖЕРДЕН КӨЛБАЕВГЕ ЧАПТАП ЖАТЫШАТ»
Учурдагы абал тууралуу: «Чынында, мени спорт коомчулугунун ой жүгүртүүсү өтө иренжитти. 2 айдан бери чырдын үстүндө келатабыз. Бул коомчулукта эч кимден колдоо тапкан жокмун. Жалгыз караан көпчүлүктүн көзүнө чаң чача албасы белгилүү. Ошондуктан бүгүн расмий түрдө жумуштан кетүү тууралуу арыз жаздым. Арыз болжол менен ноябрдын ортолорунда каралат. Ошондо менин ордума барчусу бара берсин.
Мага чейин бул федерацияны Марат Бакиев жетектечү. Ошондо дзюдочулар машыккан залдын абалы мышык ыйлагыдай болчу. Биринчи кадамды мен ошол залды оңдоодон баштагам. Ага карабастан, мен тууралуу «күч менен басып алды» деген сөздөрдү айтышкан. Бирок атайын конференция менен көптөгөн кишилер чогулуп, мени шайлап чыкканы бул ойго тетири чыгып жатпайбы».
УОК жөнүндө: «УОК түшүнүксүз кадамга барып жатат. «Лондон-2012» Олимпиадасы учурунда делегация менен канча чиновник Лондонго барып келди? Керек болсо федерациянын кызматкерлери, мисалы, мен Олимпиадага өз чөнтөгүмөн барып келдим. Олимпиададагы жыйынтык боюнча УОК моюнга алыш керек болчу. Мен дал ушул медаль, ийгилик жөнүндө сөз кылып жатам. А алар менин мурун кылган каталарымды, кылмыштуулукка аралашканымды айтып жатышат».
ИИМ жөнүндө: «Ооба, Ички иштер министрлиги мени кармаганы боюнча эч нерсе дей албайм. Алар өз ишин кылып жатышат. Алар менин акыркы кездерде кайда иштегенимди, мен жөнүндө баарын билишет».
Уюшкан кылмыштуу топ жөнүндө: «Колонияда отурганым чын. Бирок мен жаткан колонияда Камчы Көлбаевдин отуруп калганы үчүн күнөөлүү эмесмин да. Менин бул топко тиешем жок! Сен деле Дубайга барып келчи, Көлбаев менен жолукту деп чыгышат».

ИИМ: «РЫСБЕК АКМАТБАЕВГЕ КОЛ САЛГАН...»
Азамат Бакасов. 1966-жылы төрөлгөн. Туруктуу жашаган жери жок. «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен жакындан байланышы бар жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү. 2001-жылы ал Камчы Көлбаев менен бирге Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту тарабынан «Рысбек Акматбаевдин өмүрүнө кол салган жана анын жан сакчыларынын өлүмүнө катыштыгы бар» деп айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылган. Узак убакытка эркинен ажыратылганына карабастан, 2005-жылы Камчы Көлбаев жана Азамат Бакасов түзөтүү мекемесинен колония-поселениеге которулган. 2005-жылдан тарта 2011-жылга чейин расмий түрдө эч жерде иштебеген, эч кандай бизнес менен алектенбеген. Ага карабай чөнтөгүнөн акча үзүлбөйт жана кымбат баадагы унаалар менен жүрөт. Оперативдүү маалыматтар боюнча, кирешеси кылмыштуу жол менен түшүп турат.

Канат Аманкулов, УОКтун башкы катчысы:
«РАСМИЙ ТҮРДӨ ПРЕЗИДЕНТ ЭМЕС БОЛЧУ...»
– Улуттук Олимпиада Комитети менен Дене тарбия жана спорт агенттиги – бир уюм. Бул уюмдарга бир катар спорттук федерациялар кирет. Андыктан федерациялар ичинде чыккан чыр боюнча өзүлөрү чечишет. Бакасов боюнча айтсак, бул киши 2010-жылы Дзюдо федерациясынын президенти болгон. Азыр кандай экени белгисиз, бирок, менин билишимче, ал Адилет министрлигинен каттоодон өткөн эмес. Демек, биздин уюмдун мүчөсү эмес. Азыр ал түрдүү жалган кептерди таратып жатат. Лондонго өз акчасы менен эмес, мамлекеттин эсебинен барганын далилдей алабыз. Аткарган иштери боюнча айтсак, залды оңдогону чын. Бирок Эл аралык федерациялар менен мамиле түзүү жагынан же спортту көтөрүү жагынан эч кандай демилгесин байкаган эмеспиз.

Урматтуу окурман, макаланы окуганда «ким жакшы, ким жаман, кимге ишениш керек?» деген суроолорго өзүңүз жооп табарсыз деген ойдобуз. «Эки киши урушпайт. Бирок үчүнчү киши кошулганда кайчы пикирлер пайда болуп, саясат башталат» деп коюшат. Андыктан спорт коомчулугун ынтымакка келүүгө чакырабыз.

 Кыстарылган видео 
Рысбек Акматбаевди аткан киши федерацияны жетектеп жүргөнбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан