21-октябрда Бишкекте жана Ошто футбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 21-тур оюндары орун алды. Мелдештин бүтөрүнө 5 тур калганда бишкектик «Дордой» нарындык «Ала-Тоону» 1:0 эсебинде утуп, сезондогу 21-жеңишине жетише алды. Бул жеңиш «дордойчуларга» мөөнөтүнөн мурун чемпиондукту камсыздоосуна алып келди. Азыр футбол боюнча Өлкө биринчилигинде 2-орун үчүн кызуу күрөш жүрүүдө. «Дордойду» кезектеги чемпиондугу менен куттуктайбыз!
«Дордой» – «Ала-Тоо» – 1:0
«Алга»– «Абдыш-Ата» – 2:1