Кыргызстанда төрөлүп, Кытайда чоңоюп, Казакстандын атынан «Лондон-2012» Олимпиадасын уткан дуңган улутундагы оор атлетчилер Майя Манеза менен Зулфия Чиншанлонун Кытайга кайтышары тууралуу маалымат тарады. «Алардын Дүйнө чемпиондугунун артынан Олимпиада чемпиону аталганы – биздин эмгек» деп жар салып келген кытайлыктар Олимпиададан соң алардын Казакстандын курама командасына алынганына нааразы болушкан. Төгүн жерден от чыкпайт эмеспи, маалыматтын башы кыздарын Кытайга сапарынан башталган. Майя сапарынан кайтса, Зулфия али Кытайда. Казакстан тарап эки кыз тең келген соң сүйлөшүп, жыйынтык чыгарарын айтууда.
Батпаган жерге баш салгандан алыспыз. Бирок бул кыздардын Кытайда, анан Кыргызстанда оор атлетика менен тааныш болгонун эске алып, «биздин деле талашканга укугубуз барбы?» деген ой келет. Биз эмнеге үн катпайбыз?
Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
sport@super.kg