Арнольд Шварценеггер өзүнүн жашоосун чагылдырган китеп жазып, аны окурман сынына койду. Китептин аталышы – «Баары эсимде: Менин укмуштуу жашоомдун тарыхы». Китеп көпчүлүккө «Культурист. Актёр. Губернатор» деген девиз менен жарыяланган. 65 жаштагы экс-губернатор өмүр баянын кагазга чагылдыруу иштерин бир жыл мурда баштаган эле.