Бейонс менен Жей-Зи кызынын атын бренд катары колдоно албай калышты. Жылдыздуу жуп 10 айлык кызы Блю Айвинин атынан товардык марка жасап, кичинекей балдардын буюмун чыгарууну көздөшкөн. Бирок «Блю Айви» деген аталышта Бостон шаарында үлпөт кийимдерин чыгарган чакан фирма бар болуп чыкты. Кызынын атын колдонууга уруксат алуу үчүн ырчылар сотко кайрылышкан. Жыйынтыгында «Блю Айви» үлпөт фирмасынын аты бойдон калышы керек» деген чечим чыкты.