Орус эстрадасынын көрүнүктүү ырчысы Валерий Леонтьев жубайы менен ажырашканы ачыкка чыкты. Бул туурасында так маалыматтар эми гана жарыяланганы менен, түгөйлөр мыйзамдуу түрдө 6 жыл мурда эле кол үзүшкөнү айтылууда. Экөөнүн ортосунда бала жок. Анткени ырчынын жубайы эч качан балалуу болууну каалаган эмес. Эскерте кетсек, 1998-жылы Леонтьев 34 жаш курагында 19 жаштагы Людмилага Америкада баш кошкон.