Орус сахнасынын алтын үнү аталган Николай Басковдун жалгыз уулу эми Басков деген фамилияны алып жүрбөйт. Буга апасы Светлананын жеке чечими себеп болгон. Ал эми Николай Басков бул туурасында: «Баламдын фамилиясы Бронислав Шпигель-Басков болчу, эми жөн гана Шпигель болду. Бул– мурунку жубайым, уулумдун энеси Светлананын фамилиясы. Светанын бул чечимине каршы болгон жокмун»,- деп билдирген.