«Үйсүздөр арасында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу» дегенди уктуңуз беле? 5-14-октябрда Мексикада дал ушундай аталыштагы мелдеш өтүп, Кыргызстандын командасы 5-орунду ээледи. Мелдешке 2 кызыбыз катышып, ийгилик жаратып келишти. «Футбол өлгөн» деп кейиген кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрүн жана «провалдарды» жаза берип тажаган спорт журналисттерин сүйүнтчү күн бар экени кубандырат.
АКМАРАЛ ЖУМАЛИЕВА
Туулган жылы – 1991-жыл, 30-ноябрь.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Статусу – Селсаяк эмес...
Мелдеште эсебине 15 гол жазды.
«Абдыш-Атанын» айымдар курамында ойнойт.
Учурда КУУнун 4-курсунун студенти.ЖЫЛДЫЗ БООРУКУЛОВА
Туулган жылы – 1993-жыл, 6-июнь.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Статусу – Селсаяк эмес...
Мелдеште эсебине 25 гол жазды.
«Абдыш-Атанын» айымдар курамынын мүчөсү.
– Кыздар, куттуктайбыз! Кандай барып келдиңер?
Акмарал: – Рахмат, жакшы барып келдик. Келип эле Кантта айымдар арасында өтүп жаткан Өлкө чемпиондугуна катышуудабыз. «Абдыш-Ата» тизмеде биринчи келатат. Андыктан талап, машыгуу күчүндө.
Жылдыз: – Бутумдан алган жаракатка байланыштуу мен бул мелдешке катышкан жокмун. Мексикада бутумдан алган жаракатка карабай ойноп келгем. Бул жакта дарыгерлер ойноого уруксат бербей, азыр операция белгиленген күндү күтүп жүрөм.
– Жылдыз, айтсаң, бул мелдешке кандайча барып калдыңар?
– Аталган мелдеш жөнүндө көптөн бери угуп жүргөнбүз. Анын өзгөчөлүгү, бир оюнчу эки жыл катары менен катыша албайт. Ортодо бир жыл өткөрүш керек. Биздикилер мурун да барып жүрүшкөн. Быйыл болсо "Абдыш-Атанын" президенти Советбек Сакебаевдин кызы Бегимай эже бизге сунуштап, акча маселесинен улам экөөбүз гана бардык. Мексикадан жергиликтүү футболчулардан үчөөнү катарыбызга кошуп, бир команда болдук.
– "Селсаяктар арасында Дүйнө чемпиондугу" деген сөздү биздин эл кандай кабыл алды?
Акмарал: – (Күлүп) Азыр бизге жолуккан ар экинчи киши «чын эле селсаяксыңарбы?» деп сурап жатат. Кыргызстанда селсаяк эмес, кадимки кишилер футболго бериле элек го. Бирок чакырыктан баш тарткан жокпуз. Мелдеш ушундай аталганы менен, жогорку деңгээлде өтөт экен. Биз «селсаяк» деген сөзгө намыстанбай, уялбай эле, тескерисинче, океандын ары жагында футбол ойноп келгенибизге кубанабыз.
– Мелдештин жүрүшүндө эң оор беттеш кайсы болду?
Жылдыз: – Менин оюмча, Мексика менен болгон беттеш. Мелдешти өз мекенинде кабыл алып жаткандыктанбы, даярдыгы да, ылдамдыктары да жогорку деңгээлде экен. Аягында ошолор чемпион болушту. Бирок мелдештин башкы талапкерлеринин бири – Бразилия менен жакшы оюн болду. Бул экөө алдыңкы орунду ээлешти. Кызыгы, мелдештин башында бизден утулуп калган Чили 3-орунду алып кетти.
Акмарал: – Бирок бардык командалардын сыйлыгы бирдей эле болду, окшош медалдар менен сыйланышты. Калыстык болду.
– Ал жерде Кыргызстан жөнүндө билишет бекен?
Акмарал: – Футболго кызыккан кишилер билиши мүмкүн болчу, эгер Кыргызстан футбол боюнча күчтүү өлкө болсо. Тилекке каршы, билишпейт экен. Биз менен кытайча «нью хао» деп учурашып жаткандар болду. Мен баратканда ойлоп жаткам, мүмкүн болушунча өлкөбүздүн атын чыгарабыз деп. Максатыбызга жеттик окшойт, акыркы оюндарыбызда күйөрмандар ордунан туруп кол чаап жатышты.
Жылдыз: – Бир канча оюн ойногон соң гана алып баруучулардын тили жатыгып калды. Башында Казакстан деп адашып тааныштырып жатышкан. Андан кийин биздин аттарыбызды, мекенибизди так айта башташты.
– Мехико дүйнөдө калкынын жыштыгы, шаардын кооздугу менен белгилүү. Силерге эмнеси жакты, эмне эсиңерде калды?
Жылдыз: – Элестетиңиз, ошол эле шаарда 8 миллиондон ашык калк бар экен. Киши өтө көп. Бишкекке келсең, дээрлик киши жоктой сезилет.
Акмарал: – Мени да ошол таң калтырды. Жол чырактын кызыл жарыгы күйгөндө кишилер кадимкидей агылат экен. Андай сандагы кишини Бишкекте митинг болгондо эле көрсө болот.
– Маегиңерге рахмат.
ҮЙСҮЗДӨР АРАСЫНДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ
Мелдеш 2003-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп келет. «Селсаяк» десе ашыкча түшүнүк издебей, көчө футболунун жобосун элестетиңиз. Дарбазачы өз аймагынан чыкпайт, аут сызыктары жок. Топ тосмодон өткөндө гана аут деп эсептелет. Команда эркектерди да, айымдарды да камтыйт. Башкысы «селсаяк» деген статусу болсо болду.
Мелдеш УЕФАнын колдоосу астында массалык футболду көтөрүүгө жана коомдо орду, үнү жок селсаяктар менен байланышууга багытталат. Эгер коомчулук селсаяктарды киши катары көрүп, түз көз карашта карай баштаса, селсаяктар өзүнө ишенип, көйгөйлөрдү өз алдынча чече башташса – уюштуруучулар максатына жеткени. Айта кетсек, мелдешке катышкандардын жүздөн жетимиш жетиси мелдештен соң баңгизатынан жана спирттен оолактап, спортко, жашоого жана жакындарына кайтат. Үй, жумуш табышат.
Мелдеште Кыргызстан 13 команда менен бирден ойноп чыгып топтогон 24 упай менен 5-орунду камсыздады.
Жеңиштер:
Кыргызстан-Канада – 18:0
Кыргызстан-Чили – 4:3
Кыргызстан-Парагвай – 12:1
Кыргызстан-Англия – 11:3
Кыргызстан-Аргентина – 8:2
Кыргызстан-АКШ – 8:4
Кыргызстан-Колумбия – 8:7
Кыргызстан-Гватемала – 13:1
Жеңилүүлөр:
Голландия-Кыргызстан – 11:7
Мексика-Кыргызстан – 16:0
Кыргызстан-Венгрия – 1:2
Кыргызстан-Бразилия – 2:6