Бокс сүйүүчүлөрү үчүн сүйүнчүбүз бар. 7-11-ноябрь аралыгында Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кыргыз боксунун 85 жылдык мааракесине карата Өлкө чемпиондугу өтөт. Мелдеште өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген күчтүү мушкерлер жана мушкер айымдар 10 салмак категориясында күч сынашышат. Улуттук бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев билдиргендей, бул саамалык өлкөдө боксту жайылтууга, жаштарды кылмыштуулуктан оолактатууга үгүт кылат деген үмүт чоң. Мелдеште өзүн мыкты көргөзгөн мушкерлер жакында Казакстанда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда өлкө намысын коргошмокчу.