УЧУРДУН №1-ФУТБОЛЧУСУ КАЮМЖАН ШАРИПОВ

Футболдук стадиондордун трибуналарында бул футболчунун аты көп эле жаңырып калган. Быйыл «Дордойду» 8-ирет Өлкө чемпиондугуна «сүйрөөдө» ал чоң күч болуп берди. Андыктан Каюмжан Шариповду азыртадан футбол адистери өлкөбүздө учурдун №1-футболчусу катары көрө башташты...

Туулган жылы – 1991-жыл, 27-июнь.
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу шаары.
Улуту – Тажик.
Бою – 176 сантиметр. Салмагы – 69 килограмм.
Жетишкендиктери – Өлкө чемпиондугун «Нефтичинин» курамында 1 (2010) жана «Дордойдун» курамында 2 жолу уткан (2011, 2012), КРнын Суперкубогунун ээси (2012).
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.

ФУТБОЛЧУ ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ:
Чемпиондук. – Күчтүү сбор, машыгуу, физикалык-психологиялык даярдык – «Дордойдун» 8-ирет чемпион болуусунун сыры. Азыр Өлкө чемпиондугунда башкы бомбардирликте биздин оюнчулардын ысымдары катар-катар жазылып турат. Бул команданын, андагы оюнчулардын мыктылыгын айтат. «Супер-Инфо» гезити мени көптүн ичинен ылгап, «Супер спортчу» наамына көрсөткөнүнө рахмат.
Футбол. – Футбол жүгүн 15 жылдан бери көтөрүп келем. 6 жашымда Кара-Сууда күрөш секциясына баргам. Кийин бир машыктыруучу байкап, футболго тарткан. 2002-жылы «Абдыш-Атанын» футболдук мектебине кабыл алындым. Кийин Татарстандын Жогорку Лигасында «Нефтичи-Химик» командасынын курамында бир жарым жыл ойноп келдим. Анан «Дордой» өз курамына чакырып, 1 сезон ойнотуп, анан кочкор-аталык «Нефтичиге» ижарага берди. Ал жактан Өлкө чемпиону аталып, кайрадан «Дордойго» чакырылдым. Улуттук курамга алындым.
Жеке жашоо. – Футболдон түшүнүгү жок карапайым ата-эненин баласымын. Мени футбол жолуна салып коюп, ата-энем, иним 2006-жылы Орусияга кетишти. Азыр Бишкекте «Дордойдун» жатаканасында Бразилиядан, Африкадан келген футболчулар менен чогуу турам. Машыгуу, уктоо менен убакыт өткөрөм. «Кара кыргыздарга» кошулуп, кээде машыгууга кечигип калабыз. Өзүм мадриддик «Реалдын» күйөрманы, Криштиану Роналдунун фанатымын. Андыктан апта соңунда анын оюнун көрөм.

Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Учурдун №1-футболчусу Каюмжан Шарипов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан