АЙМАКТЫК ИНСПЕКТОРДУ ИЧЕГИСИ АЙРЫЛГАНЧА САБАШКАН

Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин №7-бөлүмүнүн аймактык инспектору Мадияр Кулматовду белгисиз жигиттер аёосуз сабап кетишкен. Окуядан көп өтпөй эле кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул окуя тууралуу иликтеп көрдүк.

ИЧИНЕН 3 ЛИТР КАН АЛЫНГАН
Катуу токмок жегендиктен, сабалган инспектордун жоон ичегиси 12 сантиметр айрылып, операция жасалып, ичинен 3 литр кан алынган. Учурда Бишкек шаардык №4-ооруканасынын хирургия бөлүмүндө оор абалда жаткан жабырлануучу Мадияр Кулматовдун өз оозунан окуя кандай болгонун уктук:
– Дем алыш күн болчу. Мен көзөмөлдөгөн аймактагы үй комитетинин башчыларынын бири телефон чалып, «биздин үй жакта мастар, селсаяктар жүрөт. Келип, ошолорду кууп жиберчи» деди. Мен барып, бир сыйра үйлөрдүн тегерегин карап, Исанов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен төрт бала арак ичип отурганын көрдүм. Аларга барып, сөздөн сөз чыгып уруша кеттик. Аңгыча бирөөсү артымдан келип башка урганда кулап түштүм. Жерге жыгылганымда ичке тепкилеп жатышкан. Эсим ооп калыптыр. Андан кийинкиси эсимде жок.

«ЖАРАНДЫК КИЙИМЧЕН ЭКЕН»
Кылмышка шектелип кармалгандардын бири Алтынбек Абыкешов «мен сабаган эмесмин» дейт:
– Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасында убактылуу иштечүмүн. Ошол күнү инимди да жумушка ала чыккам. Кардар күтүп турсак (ред. эмгек биржасында иштегендерди жумуш берүүчүлөр өздөрү келип алып кетишет), жаныбызга бирөө басып келип «бул жерде эмне турасыңар? Документтериңерди көрсөткүлө?!»- деди. Жарандык кийимчен экен. Жанымда аскердик күбөлүгүм бар болчу, бирок аны көрсөткөндөн мурун алгач тигинин ким экенин билгим келип, «сен кимсиң? Биринчи өзүңдүн документиңди көрсөтпөйсүңбү?» десем эле мени бетке уруп калды. Ачуум келип мен да аны уруп жибердим. Экөөбүз уруша кеттик. Анан ал «мен милицияданмын, сага көрсөтөм» деп ары көздөй кетип баратканда Кылычбек деген биржада чогуу иштеген бала көрүп, чуркап барып аны сабай баштады. Ичке тээп жатканда мен «милиция экен, урба» деп ажыратып калдым. Анан качып кеткем...
Мен такыр ичпейм. Үй-бүлөлүүмүн, улуу кызым үч жарым жашта, андан кийинкиси он айлык, келинчегимдин дагы жети айлык боюнда бар. Туруктуу жумуш жок болгондугуна байланыштуу үй-бүлөмдү багайын деп ошол жерде иштеп жүргөм, мындай болуп кетерин билген эмесмин (маектешим сөзүнүн ушул жерине келгенде мукактанып, көзүнө жаш тегеренип кетти).

«ИЧКЕ «ОТ ДУШИ» ТЕПКЕМ»
Ал эми бул кылмышка шектелип кармалгандардын дагы бири Кылычбек Жусупов буларды кошумчалады:
– Биржада турсам, Алтынбек бирөө менен урушуп жаткан экен. Бир жарым литр сыра ичкем. Кызуулугум менен эч нерсе түшүнбөстөн чуркап барып тиги кишини артка тартып чалып жыктым. Анан Алтынбек келип «милиция экен, тийбе» деп ажыратса да болбой тигини ичке «от души» төрт-беш жолу тептим. Кылган күнөөмдү мойнума алам. Апа, мени кечирип коюңуз!


«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Урмат Ибраев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул маалымат бизге жетер замат кылмышкерлерди издей баштаганбыз. Көп узабай кылмышка шектелип Чүй облусунун Кемин районунда 1985-жылы туулган
Алтынбек Абыкешов жана Нарын облусунун Учкун айылында 1985-жылы туулган Кылычбек Жусупов кармалды. Экөө тең үй-бүлөлүү, мурда соттолушкан эмес. Убактылуу биржада иштешчү экен. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Бир чети аймактык инспекторду сабаган жигиттерге ачууң келет. Алар колу менен жасаганды мойну менен тартышат деңизчи. Бирок бул жерде дагы бир жагдай бар. Милиция кызматкеринин мыйзам боюнча формасы жок болсо да, жанында кызматтык күбөлүгү болушу керек эле. Ошондуктан «мыйзамды кайсы тарап бузган?» деген суроо туулбай койбойт экен.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аймактык инспекторду ичегиси айрылганча сабашкан
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
rozaida
2012-11-05 16:31:36
Оз ишин чала була жасап кун коргон акмак та, озун тыкан таныштырса окуя башкача болот еле. Озун кудай сезип ур тепкиге алып жонокой, карапайым жарандарды кордогонго укту буга ким берди. Конгонда оройлука.
+2
agent007kg
2012-11-06 02:20:45
Азаматтар менттин да коргулугу!
+1
erkinbek.27
2012-11-06 12:05:03
Гражданский формада документ сураганы анын акысы жок болчу мент
0
tokmoktuk
2012-11-06 20:13:51
Саламатсынар бул иш кандай болгонун бир кудай озу билет.Бирок мен бир нерсени айта кетпесем болбос,жогорудагы шектуу деген Алтынбекти тааныйм жана анын чон муштум кызыл кандуулугун байкаган эмесмин.Тескерисинче аны ак конул, кичи пейил,бала кыйал экенин билем.Коп балалуу уй булоодон кичинесинен оор кара жумушта ак эмгеги менен акча тапчу.Бул жерде эч кимди каралап же актап соомой кезегим келген жок.Бирок куноолу экенине кумон санайм.Ушундай карапайымдардан кучун чыгарган мелкий ментке караганда
+1
tokmoktuk
2012-11-06 20:15:54
ушул жигитке ишенеер элем.Бул иш адилетту чечилишине тилектешмин-бирок кайдагы адилет бизде байкуш баланы мойсоп коюшат го шалалдар!
0
Rostov-on-Don
2012-11-06 21:57:14
Менттин озундо биринчи куноо документти сураганда корсотконго мент милдеттуу болчу.
0
nelli
2012-11-06 22:03:34
жарандык формада текшеришке акысы жок да. Сабак болот эми,сылык суйлогонду уйронот
0
Beko_1
2012-11-06 22:07:58
Аллах озу жардам берсин куноолуу балага. Бийликтегилер ден суранам ушул ишти адилеттуу карап бериниздер. Уй-булолуу балдары бар экен. Милиция да, артынан келип урган бала да айтып жатат "тийбе бул милиция экен деп". Дагын бул участковый экен. Эгер опер же прокуратурада иштеген бироо болгондо мындан да башка тааныштырмак озуну. СВБ, ИВД ушулардын устунон катуураак иштсесе болот эле
0
Beko_1
2012-11-06 22:24:28
rostov on don качан менттер корсотуп койду эле документти келип эле мен милициямын дейт биз байкуш милиция экен деп эле туруп беребиз да. алар милиция го алар озгочолор
0
Taalaibek.
2012-11-06 22:36:39
Ачыгын айтканда Мадияр Кулматов өзу кунолуу. Биринчиден болуп озун тааныштырыш керек, анан алардын документин сурасын. Оз жазасын озу алды.
Алтынбек Абыкешовдо куноо жок, тезинен аны бошотушсун.
+1
kapec
2012-11-09 02:17:44
хахахаххаа так ему и надо,нефиг было выпендрываться. совсем не жалко. пусть пример болсун башкаларга ато биздин менттер ушундай. мага да бирде асылган. двордо отурсак келип алып асылган. паспортунар деп анан мен ушул райондо жашайм паспорту которуп журмок белем деп айтыша кеткенбиз. оздору сайылышат негизи шабашка жасай коеюн деп. анча-мынча эле честный иштегендер болбосо,таакыр ишенбейм.
0
altinim
2012-11-09 16:25:01
куп жасашыптыр антпесе булар озулорун сезип алышкан баардык нерселерге мурун тыгышып и так эле кылмышкерлердин корупциянын жан шериктери калпле коз боёшот
0
omurbek1990
2013-12-11 22:34:13
Мент эмес ал Милиция болот., эгер.жаныбыз оруса врачка барабыз, биро тоноп, сабап кетсе Милицияга барабыз, бул жердеда карапайым адамдын чакыруусу менен барган. Маселени бир тарапту карабашыбыз керек. Ал эми сабаган балдар созсуз жазасын алат.и озунода сабак болот.
0
omurbek1990
2013-12-11 22:37:19
Мана салып берсе отдуши тепкенди коргозмокмун.
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан