«МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛГӨН БАЛАМ УУРДАЛГАН ТЕЛЕФОНЧОЛУК ДА БОЛБОДУ»

Редакциябыздын Оштогу бөлүмүнө Дилбар Көчкөнова аттуу аял кайрылды. Ал 2010-жылкы Июнь коогалаңында уулун мыкаачылык менен өлтүргөн адамдарга чыгарылган райондук соттун чечимине нааразы экенин билдирди. Көз жашын токтото албай боздогон эненин сөзүн уктук.

ДИЛБАР КӨЧКӨНОВА:«УУЛУМДУН БАШЫН, КОЛУН КЕСИП САЛЫШЫПТЫР»
– Түбүм Токтогулдан болот. 1991-жылы катуу жер титирөө болгондо үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп барганбыз. Балам Алмаз Ошко келип, пескоблок чыгарып иштеп жүргөн. Бир уул, бир кызым эле болгондуктан, өзүмдүн эң кенже сиңдимди багып алгам. Алмаз ошол эжесинин колунда жүрдү.
Коогалаңдуу Ош окуясында балам 16-июнда үйдөн чыгып, дайынсыз болуп кеткен. Издеп таппай милицияга барсак, «каза болгондордун сүрөттөрү бар, денесин жакшы билген адам кирсин» дешти. Кызым менен күйөө балам кирип, уулумду таанып чыгышты. Мыкаачылар уулумдун башын, колун билегинен кесип салышыптыр. Прокуратурага «колу, башы жок болсо да денесин бергиле» десек, «ДНК боюнча жыйынтык чыксын» деп бербей коюшту. Бир күнү кылмыш иликтөөчүлөрдүн бири «Дилбар эже, күнөөлүүлөр аныкталды. «Токтогулдук бирөөнүн жалгыз баласын өлтүргөнбүз» дегендер кармалышты» деди. Балам Маматазиз Бизуруков дегендин үй-бүлөсүнүн колунан өлүптүр. Өлтүргөндөрдүн арасында Маматазиз, анын уулу, жээни жана күйөө баласы бар экен. Уулум аларга «мени коё бергиле, бул урушка тиешем жок, мен токтогулдукмун. Ата-энем карып баратат, аларды багуучу жалгыз эле баламын» деп жалдыраптыр. Болбой эле мончосуна камап, денесине 57 жолу бычак сайып, колу-башын кескилеп, анан алып барып сууга таштап салышыптыр.
Баламды өлтүргөнгө шектелип кармалган ата-бала көрсөтмө бергенде бири-бирин күнөөлөштү. Былтыркы сотто атасы «балам алып келип, күйөө балам экөө өлтүрүштү» десе, баласы «мен ооруканадан келгиче атам өлтүрүп коюптур» деп көрсөтмө берген. Кийинчерээк кылмышкерлердин бири Маматазиз Бизуруковдун кан басымы жогорулап, каза болуп калды. Жалгыз гана анын баласы Махаммаджан Бизуруков камалып, жээни менен күйөө баласы качып кетти.

«МАГА БИР ҮЙ МЕНЕН 1 МИЛЛИОН СОМ СУНУШТАШКАН»
– Ушундай оор кылмышы үчүн Кара-Суу районунун судьясы Назым Матраимов кылмышкерди 7 жылга гана эркинен ажыратты. Анан да СИЗОго отурган бир күнүн үч күнгө эсептеп, 1 жыл 8 ай отургандан кийин чыгарып жиберишти. Баламдын соту болордон бир күн мурун бир аялдын чөнтөк телефонун уурдаган баланы 9 жылга кесип, менин баламды мыкаачылык менен өлтүргөн адамды 7 жылга кести.
Судья менин баламды бир телефончолук да көрбөдү. Судьянын акча алганы анык эле болуп калды. Бизуруковдордун үй-бүлөсү мага бир үй менен
1 миллион сом сунушташкан, «арызыңды кайра ал» деп. Мен албай койгом, ошол акча менен судьянын башын айлантышкан окшойт. Ошондо Бизуруковдор мага сунуштаган 1 миллион сомду алып, кайра Матраимовго берсем, ал мени боздотпой туруп Бизуруковду өмүр бою абакта отура турган кылып өкүм чыгарып бермек экен. Бир жыл сегиз ай абакта отургандан кийин чыгып, Орусияга качып кеткен Махаммаджан кайра келгенинен облустук сотко арыз жаздык. Сот 25-октябрда аяктап, Махаммаджан өмүр бою эркинен ажыратылды. «Баламдын башы табылбаса да денесин бергиле, аны ак кепинге ороп, жаназа окутуп көмөйүн» деп чуркап жүрөм. Сураштырып, баламдын сөөгү №83-убактылуу көмүлүүчү көрүстөндө экенин билдим.
Алмазымдын артында үч жашар Адил аттуу уулу томолой жетим калды. Келиним да төрөттөн каза болгон эле.

Маркум Алмаз Аскаровдун таежеси Жаркынай Жолдошева:
«АППАК КЫЛЫП КИЙИНТИП ЧЫГАРГАМ»
– Июнь окуясы башталган күндөн тартып алты күн бою Алмазды эч жакка чыгарбай карап отурдум. Он алтысы туулган күнү эле, эшикке кирип-чыгып, «эже, караңызчы, тынчып эле калды. Баары эле көчөдө жүрөт, бүгүн Ошко Отунбаева да келет экен» дегенинен туулган күнүндө кыйнабайынчы деп өзүм аппак кылып кийинтип үйдөн чыгарган элем. Кечинде келбей койчу адаты жок эле, ошол түнү келбей калды. «Эмне болду экен?» деп түнү менен ойлонуп, эртеси издей баштадым. Издебеген жерибиз калбады, акыры апама айтканга аргасыз болдук. Ооруканалардын, тийиштүү жерлердин баарын карап таппай, милицияга бардык. Алар «эже, кандай белгилерин билесиздер?» деп сурап калышты. Оң колунда «Клот», «Сэр» деген жазуусу бар эле. Ошол жазуулар аркылуу башы, колу жок денеси табылды.

Бул сөздөрдөн кийин Кара-Суу райондук сотунун судьясы Назым Матраимов менен байланыштык.
«ДНК БОЮНЧА АНАЛИЗДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОКТУГУНАН КИШИ ӨЛТҮРҮҮ БЕРЕНЕСИ МЕНЕН СОТТОГОН ЭМЕСМИН»
– Ал иш боюнча өлгөн баланын ДНКсы боюнча экспертизанын жыйынтыгы келбей жаткан. «Ошол балабы же ал эмеспи?» деп арсар болуп калдым. Мен кылмышкерди 7 жылга эркинен ажыраткам. Аны адам өлтүрүү беренеси менен соттой алган жокмун, себеби ДНК боюнча жыйынтык жок эле. Ошондуктан 125-берене (мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу) менен соттолгон. Убакыт өтүп баратканынан аргасыздан Бизуруковго 7 жылга өкүм чыгаргам. ДНК Орусиядан аныкталбай, кийин Кытайдан жакында эле келди деп уктум. Өлгөн бала чын эле ошол эженин баласы экени такталгандан кийин облустук сот күнөөлүүгө өмүр бою абакта отуруу жазасын берди.

Мына, окурман, эки жарым жылдан бери баласынын өлүк же тирүү экенинин дайынын билбей, дагы 13 эне Дилбар ападай боздоп жүрөт. Бул энелердин сөзүн угуп отуруп, бул жүрөктөр дагы канча убакыт сыздайт болду экен деген ойго кептелесиң...

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
altinim
2012-11-08 10:23:27
биздин патриотпуз деп тошун каккан кыргыздын намысы учун деп кыздарды жыланчтап ур токмоко алгандан коро ушундай нерселерди козомолго алышса боло оз жерибизде жашап ушунчалык кордошобу атин маркум Баяман болгондо мунун бири да болбойтле азыркы окмот фалъш баары
+3
asanaka
2012-11-08 11:37:03
Ушул бойдон калтрбаш керек сарттарды енендурайындарды кууп чыгыш керек биротоло
+4
shirin27
2012-11-09 10:57:54
En birinchi biz bolunboshubuz kerek, oshondont kiyin gana biz birimdiktuu bolobuz. Andan kiyin gana Bashka ulut bizden korkot. Iyman bersin baaribizga. Akir zaman degen bul. Musulman musulmandadi olturup. Astafur Allah .......
0
artelow
2012-11-09 11:50:38
Сабыр кылыныз. Айла жоку турмуш ушундай экен. Комментерийлерге: урматтуу окурмандар беш кол тен эмес дегендей бардык адамдар эле жаман эмес да?! Бул жакта никтин артына жашынып алып баатыр болгондун эмне кереги бар? Баарыбыз эле билебиз ким куноолуу экенин, алардын убак жазалайт...
+1
isanov98
2012-11-09 14:43:38
Ишенбесен мага деле чын ЖYроктон баары бир!
0
Lily22
2012-11-09 18:36:00
саттарды озу ошол мезгилде отунбаева чогултуп бомболап тубунон кырыш керек болчу каримовго окшоп ошондо корот элем кандай кр жургондорун бул кылмыштарын баарибир эч кайсы журогу кыргыз деп соккон инсан унутпайт
0
uty
2012-11-09 22:30:07
озбектер ушундай тулку келет тилди ширин кылып каерге еле болсо батып кетет.мисалы кыргыздар озбекстанда ушинтип озбектерди кордой алабы.ошто кыргызданда озбек коп дагыда кыргызбызда еч нерсе болбогондой кечирип батырып олтурабыз.еже неберениздин омуру узун болсун
0
leylekskiy
2012-11-09 23:10:54
мен тушунбодум кандайча ушунчалык мыкаачылык менен олтургон адамды 1,5 жылдан кийин еркиндикке чыгарат.бул сот акча алганы даана билинип турат
0
maiza
2012-11-10 02:32:39
Ошол убактагы коогаланга катышкан куноосу бар биздин чондор журбойбу дагы эле ! Биз эмнеге унчукпайбыз? Ошончо видео роликтер далил болбодубу? Озубуздун кыргыз болуп туруп аралашкан коп эле бийликтегилерибиз унчукпай журушот ылайым былык иш кылып арабызда жургондордун азабын берсин Аллахым!!!
0
kgstanec
2012-11-11 00:20:31
сарт досун болсо кылычынды ала жур деген соз бар!булар(сарттар)озбек деген калк жок!тарыхы жогу аз келгенсип дагы оздорун озбек деп коюушуп алган!каримов озун элин бекерге жаман корбойт экен!90-жыл анан 2010-жыл бизге сабак болду эки ирет!Кыргыз 3-сун кечирбейт!Кыргыз эли н кыралбайт!жанында жургон душман эн жаман,сырынды бербе!окмот бутактарына айтаарым ошол жигит,кыздардын убалы силерге тийсин сарттар менен!БИЗ УЛУУ МАНАС УРПАКТАРЫБЫЗ!
0
altinim
2012-11-11 01:58:47
отунбаева бомбаламак турмай атамбаев текебаев сариев баш болуп озбектерди баштап чыктыго кыргызстанда ит олсо дагы бакиевге оодарышып июн жана апрелъ окуясын башкаларды деле ушулар уюштурган былыктар
0
mukankg
2012-11-11 19:02:34
Тилекке каршы сот системасы коррупцияга берилген,кесепети бут элге тийип жатат.Неберенизге узун омур,келечекте чыгаан атуулдардан болсун!
0
ayva
2012-11-11 20:49:55
сакендердин терисин тескери сыйрысан да аз. канча деген бир сонун кыргыздарыбызды жоготуп алганбыз согушта. эстеген сайын ичим орттонот
0
shkiper
2012-11-11 22:01:23
курманбекти куугандар апрель баатыры деген наам алышты,ошто мекени жери учун олгондорго эч кандай наамда жок ош баатырлары деген уйумуда жок,качан адилетуу болот биздин чондор?.
0
Kymyzkyz
2012-11-11 23:15:25
Ош окуясына н-ги куноокор деп ошол кездеги СНБнын башчысын ж-а Отунбаеваны айтар элем. СНБнын удост-си жолдо туруп акча ондуруу у-н эмес, ош-дой окуялардын алдын алуу болсо к-к. Азыркы бийликтегилер куноосун мойнуна алышы к-к. Эстесем кыжырым келет. Согуш башталганда качкан кыргыз аял-кыздарды чыгарбай, сарттарга тосуп берди, андан кийин жардамга келген кыргыздарды тосуп киргизбеди. Кудайга койдум силерди, кимдин куноосу болсо кудайым озу жазаласын. Ойлонгула элди ойлобос, карды тойбос чинов-тер
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан