ТАРЫХКА БАЙ, СЫРГА БЕКЕМ КЫТАЙ

(Башталышы өткөн сандарда)

ПЕКИН...
Ушул жылдын жай айында ШКУ программасы өткөргөн иш-чарага катышуу үчүн Жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын жаштарынын атынан Кытай жергесине барган элек.
Сапар баянымды эмнеден баштаарымды ойлонуп отуруп, эң эсимде калган окуядан баштайын дедим. Расмий жолугушуу аяктап калганда кытайлар «Тыюу салынган шаарга алып барабыз» деп калышты. Аталышынан улам мен ойлоптурмун, эч кимдин буту баспаган шаарга алып барат деп. Автобустан түшөрүбүз менен эл жык-жыйма толгон аянтчага келгенибизди байкадым. Автобус демекчи, Пекинде 2 кабаттуу автобустар көп. Калктын санына байланыштуу жолдун эки жээгинде атайын велосипедчендер, жөөлөр жана арабачандар үчүн жол салынган. Тыгында көп турганча 2 кишилик арабаны адам сүйрөп алып кыдыңдай жүгүрүп тез эле жеткирип коёт. Андыктан араба менен жүрүү ыңгайлуу.
Аталган шаарда эл жык-жыйма.Жергиликтүү эли да көп экен. 5-6 жаштагы балдарын ээрчитип тарыхый жерлерди көрсөтүп, аки-чүкүсүнөн бери айтып берип жүргөн ата-энелерди көрүп таң калдым. Биз да балдарыбызды ушинтип элинин тарыхына, маданиятына кызыкдар кылып тарбияласак кана... Тыюу салынган шаар – 24 император жашаган резиденция Франциядагы Версаль сарайынан кем калышпаган сөөлөттө курулган. Карапайым калк бул капкалуу шаарга жоломок тургай алыс өтчү дешет. Эгерде кокус кирип калса баштары алынгандыктан, шаар ушундай аталып калганын эшиттик.
Дүйнөдөгү табышмактуу сарайлардын бири 15 жыл бою курулуп, 9999 бөлмөдөн турат. Ээрчитип бара жаткан гид сарай архитектордун түшүнө кирип, император Чжу Динин буйругу менен салынганын айтып берди. 1925-жылы акыркы император Пу Йи өз эрки менен сарайдан чыгып кетип, ичине жөнөкөй элдин кирүүсүнө уруксат берилип, тарыхый жайга айланган. Кооз, кенен, табышмактуу... Сарайды ичимден ушундай сыпаттадым. Акыркы кооз бакчага келгенибизде гид бул жерде императорлордун аялдары, күңдөрү сейилдеген бак экенин айтты.
Кесибибизге жакын деп кийинки күнү 1-2 журналист Пекиндеги «Жаштар» аттуу гезитке жөнөдүк. «Күн сайын чыккан гезиттин нускасы 100 миң, жумалык нускабыз сыр» дешти кесиптештерим.
Андан соң атактуу Улуу Кытай сепилине багыт алдык. Кырка тоолорго улай салынган сепилдин баш-аягына чыга ала тургандай эмеспиз. Мурунку убакта сепилдин терезелеринде замбиректер орнотулуп, терезе сымал тешикчелерден жаа менен атып жоонун үшүн алып турушчу экен.
Арабыздагылар «Манас атабыз ушул сепилге чейин кытайларды кууп келип, жеңген экен» деп кеп кылып калышты. «Ооба, биздин калк көчмөн элдерден коргонуу үчүн сепил курган» деди гид биздин эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыбызды байкагандай. Учу-кыйыры көрүнбөгөн сепилди айланып чыгуу мүмкүн эмес эле, артка кайттык.
Шаар кыдырып жүрүп «Жибек базары» аталган базарга туш келдик. Тобо, башка жерден же орусча, же англисче пикир алыша албаган жаныбыз базарга барып дээрлик баары орусча сүйлөй алышарына күбө болдук. Ошентип, Пекинге болгон сапарыбыз карып, Үрүмчү шаарына жол алдык.

ҮРҮМЧҮ...
Үрүмчү шаарына келгенде «өх» дей түштүк. Пекинде кыйналган жаныбыз бизге жакын манты, оромо, палоону тамшана жеп калдык. Үрүмчү – жаңыдан өнүгүп келе жаткан шаар. Жел менен иштеген электр станциялары бизге өзгөчө көрүнүп жатты. Кытайлар «башка элге сырыңды айтпа» деген эреже менен жашашат эмеспи. Ийгиликтүү иштеп жаткан заводдоруна же бир өзгөчө жерлерине келгенде суроо берсек, «бул сыр, айтылбайт» деп кутулуп жатышты. Кээде ушинтип сырды да жашыра билиш керек окшойт...
Эртеси биздин делегацияны кытайлык казактар конокко чакырып, тоо бооруна жөнөдүк. Кытайлык кыргыздар жашаган жайларды көрүп, таанышып келүүгө жердин алыстыгынан улам мүмкүнчүлүк болбоду. Ошентсе да биздин оюндарга окшош болгон казактардын кыз куумай, ат чабыш оюндарына күбө болдук. Майрам соңунда биздин Ильяз Абдыразаковдун казакчага которулган «Жаным айы» кулагыбызды сүйүнттү.

ТУРПАН...
Турпан шаары – Кытайдагы эң ысык өрөөндөн орун алган. Жергиликтүү эл коон, дарбыз, жүзүм жана башка жашылча, жемиштерди өстүрүү менен жан багат. Баарынан да жүзүмзары укмуш. Турпандагы үйлөр бизди таң калтырды. Ысыкта үйдө жатып уктоо мүмкүн эмес болгондуктан, үйдүн төбөсүнө керебеттерин чыгарып коюп, ошол жакта укташат.
Кетер күн да кирип келди. Омардын «Кыргызстаным» аттуу ырын шаңдуу аткарып, арабыздагы таланттуу айымдар «Нарындан жазган салам кат» менен атактуу «Эсимдени» созгондо зал термелип эле калды. Ошентип, «Кытайда жакшы, бирок Кыргызстанда андан да жакшы» деп мекенибизге кайттык.

Бишкек–Үрүмчү–Пекин–Бишкек
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Koreanka
2012-11-07 23:54:31
ой я тоже хочу.
+1
nursyi
2012-11-12 08:57:26
Кытай-конушубуз эле го,каалагандардын баарына,ошол жерлерди коруп келуусуно шарт он келип,ишке ашышына тилектешмин.
+1
tolik
2013-01-23 02:58:14
Ошол чеп Кыргыздардан сакта деп курулган! Бул маалыматты тарых далилдеп койгон!
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан