КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА

«Винегрет», «Тон астындагы балык» деген салаттарды кимдер гана жасабайт, кимдер гана сүйүп жебейт?! Албетте, бул салаттардын көркүнө көрк кошкон жана даамын арттырган жашылча – кызыл кызылча. Бул жашылчанын тарыхы байыркы Персияга барып такалат. Тарых булактарында кызылчанын биздин заманга чейин 2000 жыл илгери эле колдонулуп келингени айтылат. Кийинчерээк Жер Ортолук деңизинин жээктеринен анын жапайы сорттору табылып, дары чөп катары пайдаланыла баштаган. Мындан сырткары байыркы убакта гректер кызыл кызылчаны күмүш табакка салып, Аполлонго тартуу кылышканы айтылып келет. Бүгүнкү күндө да Жер Ортолук деңизинин жээктеринде анын жапайы түрлөрү өсөт. Ал кызылчанын мекени катары эсептелет.
Кызыл кызылчада А, В1, В2, В6, В12, С, РР витаминдери, кант, кислоталар бар. Мындан тышкары курамынан йод, калий, кальций, натрий, марганец, жез, темир сыяктуу баалуу заттарды табууга болот. Бул жашылча табигый антисептик (микробдорду өлтүргүч) болуп эсептелгендиктен, адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Аталган өсүмдүктүн өзү гана эмес, жалбырагы да пайдалуу. Адамга эң керектүү болгон С витаминине бай.

КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

  • Кызылчаны майда туурап денедеги жараларга жаап койсоңуз, оору басаңдап, ириңдеп кетүү коркунучу азаят.
  • Чийки бойдон же туздалган түрүн бир топко чейин чайнап жесеңиз, тиштин бүйлөсүн бекемдейт. Цинга оорусун дарылоодо (бүйлөгө С витамининин жетишсиздигинен тиштин бошоп, күбүлүп түшүүсү) миңдин бири.
  • Кайнатылган кызылча ичеги-карынды тазалоочу, ал эми кайнатылган суусу заара айдоочу касиетке ээ.
  • Ширеси табитти ачып, сергитүүчү суусундук болуп саналат. Аз кандуулук, диабет, шишиктен арылуу үчүн кызыл кызылчанын ширесин күнүнө 200 граммдан 2 маал ичип туруу сунушталат. Алгач ичкенде көңүл айланышы ыктымал, андыктан сабиздин ширеси менен аралаштырып ичүү туура.
  • Кызылча – кан тамыр ооруларына даба. Ал кандын курамын жакшыртып, кан тамырларды тазалай алат.
  • Жаңы төрөгөн жана климакска кабылган аялдардын организмин азыктандырып, өзүн жакшы сезүүсүнө көмөктөшөт.
  • Бөйрөк, боор ооруларына каршы жана алардын алдын алуу үчүн колдонулат.

Эскертүү! Кызыл кызылчанын ширесин өтө көп ичип алуу баш кан тамырларынын чыңалуусуна алып келиши ыктымал. Айрым учурларда аллергияны козгошу мүмкүн.

АШКАНАДА

КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫ
Керектелүүчү азыктар:

  • Кызыл кызылча – 1-2 даана
  • Сарымсак – 3-4 тишче
  • Уксус (70%) – Жарым чай кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаларды сууга бышырып алуу керек.
2. Ал муздаганда сүргүчтөн өткөзүп, ага майда тууралган сарымсак, туз, май, уксус кошуп аралаштырыңыз.



 

«КЫЗГАЛДАК» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

  • Помидор – 2 чоң даана
  • Кызыл кызылча – 1 даана
  • Болгар калемпири (кызыл) – 1 даана
  • Пияз – 1 баштын жартысы
  • Салат жалбырактары – 100 грамм
  • Грек жаңгагы – 25 грамм
  • Зайтун майы – 3 аш кашык
  • Даамына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Бышкан кызылчаны (же чийки бойдон деле) сүргүчтөн өткөзүү керек.
2. Жуулган помидор, калемпир, пияз жана салат жалбырагы ичке тууралат.
3. Тууралган азыктарга туз себилип, зайтун майы менен аралаштырылат.
4. Даяр болгон салатты тарелкага салып, үстүнө майдаланган жаңгакты себелеп коюңуз.
Салат даяр!

МАРИНАДДАЛГАН КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА
Керектелүүчү азыктар:

  • Кызыл кызылча – 1 килограмм
  • Уксус (70%) – 1 чай кашык
  • Туз – 1 чай кашык
  • Кумшекер – Чай кашыктын жарымы
  • Кара мурч (тоголок бойдон) – 5-6 даана
  • Лавр жалбырагы – 1 жалбырак

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач кызыл кызылчаны сууга бышырып, муздатып алуу керек.
2. 1 литр сууга туз, кумшекер, уксус, кара мурч жана лавр жалбырагын салып кайнатып, маринад даярдайбыз.
3. Кызыл кызылчаны өзүңүз каалаган формада (салатка же тамакка кошконго ылайыктап) туурап алыңыз.
4. Алдын ала бууда кармалган банкаларга кызыл кызылчаны салып, үстүнө муздатылган маринад куясыз.
5. Банканын оозун темир же желим капкак менен бекитүүгө болот. Маринаддалган кызылча 2 күндөн кийин жегенге даяр.

АШКАНА СЫРЛАРЫ

  • Кызыл кызылча бат бышыш үчүн 30 мүнөт сууда кайнатып, андан соң агып жаткан муздак суунун астында 15 мүнөт кармоо керек. Температуранын алмашканынан ал тез жумшарат жана витаминдер жакшы сакталат.
  • Бул жашылчаны микротолкундуу меште, 900 Вт кубаттуулукта бышырууга болот. Ал үчүн аны атайын айнек идишке салып, капкагын жаап, мешке 17-20 мүнөт салуу жетиштүү.
  • Кызылчаны бышырып жатканда чыккан жагымсыз жыттан арылгыңыз келсе, анда ал кайнап жаткан сууга бир үзүм нан салып коюңуз.
  • Жашылчада баалуулуктар сакталыш үчүн туз кошпой бышырган оң.
  • Бышкан кызылчаны муздаткычта 2 күндөн ашык сактоого болбойт.
  • Кайнатып жаткан сууга бир аз лимон кислотасын же кумшекер кошуп койсоңуз, өңү кыпкызыл бойдон сакталат жана туураганда ширеси аз бөлүнөт.
  • Соолуп бараткан кызылчаны бир нече саатка жылуу сууга чылап койсоңуз, калыбына келет.
  • Жаш кызыл кызылча үй температурасында 6-7 күн, муздаткычта 20 күнгө чейин сакталат. Ал эми кышкыга сакталуучу кызылчаларды ороодо кумга көмүп сактоо керек.

КОСМЕТИКАДА

ЧАЧКА МАСКА
Чачтын тамырларын бекемдөө жана какачтан арылуу үчүн жумасына бир ирет кызылча маскасын жасап туруу сунушталат. Ал үчүн 150-200 грамм кызылчаны сүргүчтөн (майда болуусу шарт) өткөрүп, чачтын түбүнө сыйпоо керек. Андан кийин башты целлофан баштык менен ороп, 40-50 мүнөт кармоо абзел. Анан жылуу суу менен чайкап, аягында шампунь менен жууп коюу керек.

БЕТКЕ МАСКА
Сүргүчтөн өткөрүлгөн 1 чай кашык кызыл кызылчага 2 чай кашык каймак кошуп аралаштырып, бетке жабуу сунушталат. 10 мүнөт кармагандан кийин жылуу суу менен жууп коюңуз. Мындай маска бетке кызыл жүгүртүп, терини жашартат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aiga1988
2012-11-05 22:00:35
жакшы !кызылчанын жакшы жактары бар экен билип алдым мен кызылчаны аябай жакшы кором
0
koky85
2012-11-06 09:38:50
а мен вообще жер осумдугун жей албайм...
0
remma
2012-11-06 21:41:58
koky85, жер осумдугун жей албаганын жаман экен кантип эмне менен тамактанасын баары жерден чыгып жатса мына кызык!!
+1
fanat.kg
2012-11-06 22:13:20
remma,
хахаха сага кошулам!
0
janus
2012-11-08 12:29:37
анемия га жакшы жардам берет, чийки бойдон жесе майонез менен.......
0
Rostov-on-Don
2012-11-08 22:07:57
Гепатит менен ооругандарга да жакшы пайда алып келет,боорду тазалайт.
0
Maha-91
2012-11-10 13:09:34
Аябай суйом го кызылчаны!
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан