«Супердин» тандоосу-2012» старт алып, www.super.kg сайтыбызга талапкерлердин тизмесин киргизерибиз менен добуш берүү күч алды. «Жылдын супер тасмасы» наамына көрсөтүлгөн 8 фильмдин ичинен төмөнкү үч тасма азырынча лидерликке чыгууда. Алар: «Ээнсиреген үй», «Көк салкын», «Президент жана бомж» тасмалары. Андан тышкары талапкерлердин катарында «Азап», «Аманат», «Мезгил жана Алыкул», «Салбуурун», «Сулуулар жана миллион» фильмдери бар.
Сайт менен гана чектелип калбастан, белгилүү инсандарга да «Жылдын мыкты тасмасы» наамына кайсы кино татыктуу?» деп суроо салып, алардын оюн билдик.
Cадык Шер-Нияз, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы:
– Албетте, «Мезгил жана Алыкул». Эмне себептен аталган фильмди «суперликке» көрсөтүп жатам? Себеби мында кыргыздын залкар, лирик акыны Алыкул Осмоновдун жашоосу гана мыкты ачылып берилбестен, кыргыздын ошол жылдардагы тарыхы, коомдогу окуялар да таамай сүрөттөлгөн. Негизи, мындай фильм тартууга эрк керек. Бул режиссёрдун дебютубу, билбейт экенмин, бирок мен мыкты деген баа берем.
Айя Садырова, ырчы:
– Азыркы кыргыз фильмдеринин баары мыкты. Бирок наамга коюлуп жаткан тасмалардын ичинен мен «Ээнсиреген үйгө» добушумду бермекмин. Тасмада кыргыз кыздарынын тагдыры, көйгөйү ачык көрсөтүлгөн. Албетте, муну менен мен тасмадагы ачык кадрларды жактап жаткан жокмун. Турмуш чындыгы бурмалоосуз берилгени үчүн фильм менин купулума толду.
Камчыбек Жумабеков, «Көк салкын» тасмасынын режиссёру:
– Мыкты тасма деп мен «Президент жана бомжду» айтат элем. Мында, баарыбызга белгилүү болгондой, элге жакын тема көтөрүлгөн. Дегеним, тасмада карапайым эл күткөн, көксөгөн президенттин образы берилет эмеспи. Ушул жагынан алып караганда, аталган наамга татыктуулардын сап башында дейт элем.
Биздин «Көк салкын» деген тасмабыз да «супер» болууга ат салышып жатат. Кайсы фильм мыкты экенин эл өзү сындап, таразалап алат деген ойдомун. Андыктан эгер «Көк салкын» «Жылдын супер тасмасы» аталбаса, нааразы деле болбойм.
Эскертүү: «Жылдын супер тасмасы» наамына 2011-жылдын сентябрь айынан тарта 2012-жылдын сентябрына чейин көрсөтүүгө коюлган тасмалар гана көрсөтүлдү. Сайтта добушка коюлган тасмалардын алдыңкы үчилтиги калыстардын сынына коюлуп, жеңүүчү аныкталып, 7-8-декабрда Спорт Ордосунда өтчү супер концертте жыйынтыгы жарыяланат.
Асел Асанова
star@super.kg