АЗЫКТАРДЫ ТУУРА САКТАЙБЫЗ

Азыктарды кантип туура сактоо керек? Төмөнкү жөнөкөй, бирок пайдалуу кеңештерди окуп коюңуз. Балким, сизге бүгүн болбосо эртең пайдасы тийип калар...
Помидорду целлофан баштыктарда сактоого болбойт. Жакшы быша элек, көк помидордун сабак жагын ылдый каратып койсоңуз, бат кызарат.

Тууралган көк пиязды желим бөтөлкөгө салып, муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүндө сактасаңыз болот. Ал үчүн тууралган пияз кургак болушу шарт.

Болгар калемпирин жууп-тазалап, бири-бирине кийгизип же туурап тамак-аш клеёнкасына ороп, муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүндө сактоого болот.

Пияз менен картошканы чогуу сактоодон качыңыз. Анткени картошка пияздын бат бузулушун шарттайт. Пияз көпкө сакталсын десеңиз, аны тор кездемеден тигилген мүшөккө салып, кургак, жел тийген жерге илип коюу керек. Картошка өнүп кетпесин десеңиз, аны алманын жанына сактаңыз.

Майда тууралган көк чөптөргө зайтун, өсүмдүк же каймак майлардын бирин кошуп аралаштырып, атайын идиштерге салып тоңдуруп койсоңуз, кийин пайдаланууга болот.

Тамактан артып калган көк чөптөрдү гүлдесте катары стакандагы сууга салып, үстүнө целлофан баштык кийгизип, ылдый жагынан резина менен бекитип коюңуз. Бул көк чөптөрдүн көпкө сакталышын шарттайт. Четинен алып колдоно берүүгө жарайт.

Куурулган жаңгактарды муздаткычтын тоңдурма бөлүгүндө сактасаңыз, даамы жана жыты көпкө сакталат.

Банандын сөңгөк жагын тамак-аш клеёнкасы менен ороп койсоңуз, 3-5 күнгө көп сакталат. Бул мөмө этилен затын көп бөлүп чыгаргандыктан, башка мөмө-жемиштерге залалын тийгизет. Андыктан өзүнчө сактаңыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Датка кыз
2012-11-06 14:50:49
супер кенештер экен. Кышында кок чоптор кымбаттап кетет, ушинтип даярдап албасам. Дагы жазсанар ушундай оной кенештерден
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан