Санжар Мыкыев:«МИРЛАН БАЕКОВДОН КЕЧИРИМ СУРАЙМ»

«Сахнада элди күлдүрүп, жакшы маанай тартуулоо менин жумушум. Жашоодо болсо мен бир канча олуттуу жигитмин» деген «тамашоучу», шоумен жана телеалпаруучу Санжарга тийишип чалган кыздар жакпайт. Анткени анын жүрөгү бош эмес...

– Санжар, 23 жашка чыгыптырсың. Чынын айтчы, акыркы жолу кимге муштумуңду түйдүң?
– Менин түбүм Алайдан болот. Билесиңер да, алайлыктар кызуу кандуу келерин. Мектепте тентектик боюнча алдыда болчумун. Адашпасам, башымда 10дон ашык тырыгым бар. Бүт баары же кулап, же таш тийгенден калган. Түрк лицейинде окуп жүргөндө көп мушташып, ата-энеме айтчу эмесмин. 8-классымда жатаканада бир бала менен мушташып, үстүңкү эрдим шишип кетип өзүнчө эле Памела Андерсон болуп жүргөм. Акыркы жолу эсте калганы 10-классымда болгон. Негизи, жаштайымдан эле бирөөгө тийишип сүйлөгөндү жакшы көрөм. Ал кезде Эминем деген рэпер укмуш популярдуу эле. Бир классташым анын ашынган күйөрманы болчу. Мен да жөн жүрбөй ага «Эминем – лох» дей берчүмүн. Классташым болсо «лох эмес» дейт. Бир күнү, айтор, ошентип тартышып отуруп экөөбүз Эминемди талашып мушташып кеткенбиз.

– Беш эркектин улуусу катары инилериңе болушуп жаш балдардын чекесинен чертип койчу белең?
– Кичинекей кезимде бирөө уруп коюп, атама арызданып келгем. Атам аскер кызматкери да, ошондо мени «өзүңө-өзүң болуша албай арыздангандан уялбайсыңбы?» деп тилдеген. Атамдын сөзүнөн соң намыстанып, кийинки күнү таяк көтөрүп барып ал баланы сабаганым эсимде. Атам инилеримди да катуу кармады. Ошого болсо керек, инилерим мага арыздангандай деле болушпады.

– Аскердин үйүндө тартип катуу болгон экен да анда, ээ?
– Атамдын жакшы жери, бир жолу да сөгүп, кол көтөргөн эмес. Ал эми апам кур, чыбык менен уруп жазалачу. Ошондуктан атамды жакшы көрүп, апамды жаман көрчүмүн. Бир нерсе кыларда да «апам урушат, бул жаман» деп турар элем.

– Анда кепти жеке жашооңо бурсак. Сүйүктүүң менен кантип табышып калдыңар?
– Ал кезде кыздарга тийишип эле басып жүрчү элек. Бир күнү дүкөнгө кирсем, Наристе бар экен. Кадимки адатым менен ага да ар сөздү бир айтып тийишип калдым. Ал болсо сылык гана сүйлөп ордума коюп койду. Так ошол сылык мүнөзү жагып калып, көңүлүм ага тартылды. Бир айча кайра барсамбы-барбасамбы деп отуруп, Көлгө кеттим. Мына ошол жактан Кудай экөөбүздү кайра жолуктуруп, бат эле тил табышып кеттик.

– Анан көңүлүн алып, белектерди жаадырып баштадың...
– Жок, мен өзүм акчага көп кызыкпагандыктан, сүйүктүүм да ошондой болсо деп тилечүмүн. Наристеге да бир жылдай кымбат баалуу белектерди алып бербей, сынап жүрдүм. Кийин гана мен издеген ыймандуу, акылдуу кыз экенин билгенде, чын дилден көңүл бөлүп, аракет кылып баштагам.

– Мурунку маегиңде «окууну бүтүп, бутума турганда үйлөнөм» деген элең. Бутуңа туруп калдыңбы?
– Андан да биринчи планым, машина алам дечүмүн, ал тилегиме жеттим. Жаңы жылдан кийин үй алсамбы деп жүрөм. Андан кийин гана убакыт-сааты чыкса, буюрса, үйлөнөм. Атам мурун көп насаат айтчу эмес. Сүйлөшкөн кызымды тааныштырганда «балам, бул жашоодо эки нерседен: машина менен аялды тандоодон адашпаш керек» деген насаатын айтты...

– Жүрөгүң бош болбосо да, күйөрман кыздар тынчыңды алышабы?
– Мага көбүнчө өспүрүм кыздар чалышат. Биринчисинде орой сүйлөбөй, жакшылап түшүндүргөнгө аракеттенем. Өзүм кызуу кандуумун, ошондуктан эмоцияга алдырып, чектен чыгып кетпейин деп абайлайм. Болбой эле чалса ороюраак, аны да түшүнбөй чала берсе, «нормально» айтып ордуна коюп коём. Негизи, кыз деген эркекке биринчи чалбай, жигит чалышы керек. Кыз өзүнүн деңгээлин бийигирээк алып жүрсө өзүнө эле жакшы да.

– Келин бала «фигураңды кара» деп айттыбы, машыгуу залына барып жатыптырсың?
– 11-класстан баштап кикбокско барып жүрчүмүн. 2-курста окуудан бошой албай, жетишпей калдым. Анан эле көлгө барсам, күзгүнү карасам деле өзүмө жакпай баштадым. Ошого кой, Санжар, токтотпосоң болбойт деп машыга баштадым.

– Санжар, кел эми, шоуго аралашканың тууралуу айтып бересиң?
– Баары көп тил билгенимден башталып кетти. Орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. 2-курста болуш керек, бир түрк агай кечесин алып барып берчи деп суранган. Ал жакта алпаруучу болуп жатканымды ректорубуз көрүп, анын сунушу менен кийин жалаң университеттеги концерттерди алып барып жүрдүм. Кийин «Тамашоуго» катыштык, эми минтип алпаруучу да болуп калдым.

– Алпаруучулук жаатта Азамат Исмаилов экөөңөрдү «маанисиз көп сүйлөшөт» деп сындашчу...
– Туура, сын-пикир угабыз, бирок жаштардан эмес, көбүнчө улуу муундан. Анткени 50дөн ашып калгандар менен биздин түшүнүгүбүз, кызыкчылыгыбыз башка. Улуулар «силердин сөзүңөргө түшүнбөйбүз, муну мындай кылсаңар болбойбу?» деп көп сындашат. Эгер сын орундуу болсо, кабыл алабыз. Ал эми калп эле кыйкыргандарды кабыл албайбыз.

– Сынды кабыл алып, анан жыйынтык чыгарасыңарбы?
– Эл үчүн иштегендиктен, сын угуп, ошого жараша иш кылабыз. Ал сенин оюң, өзүңдө калсын десең, акырындан өзүң эле четке чыгып каласың. Сындарды туура жолдо колдонобуз.

– Жакында эле Мирбек Атабековдун концертинде алпаруучу болдуң. «Бул деген Мирлан Баеков эмес, Мирбек Атабеков да» деп салдыңар шеригиң экөөң. Эмнеге?
– Бул деген чынында тамаша сөз болчу. Мирлан Баековду мен жакшы тааныйм, чыгармачылыгын сыйлайм. Концертте элге «кол чапкыла» десем, унчукпай отура беришти. Мирбектин ырлары көбүнчө жаштарга, Мирлан байкеники улуу муундарга ылайыкташкан эмеспи. Ошого мен «эмне жаш болуп туруп, карып калгандай кол чаппайсыңар?» дейин дегем. Бул тууралуу көп кишилер «сен ушинтип айткан турбайсыңбы?» деп чалып жатышты. Эгер Мирлан байке көңүлүнө жакын кабыл алган болсо, анда кечирим сурайм.

– Биздин гезиттин «Жылдын суперлерин» тандоодо «Жылдын ТВ персонасы» наамына көрсөтүлдүң. Негизги атаандаш катары кимди көрүп жатасың?
– Катышуучулардын баарын атаандаш катары көрөм. Байкап көрсөм, талапкерлердин арасында эң тажрыйбасы аз, бул чөйрөдө жаңы иштеп баштаганы эле мен экем. Бир жагынан алар менен тең тайлашып жарышуу мен үчүн сыймык.

– Ийгилик каалайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Санжардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Санжар Мыкыев: "Мирлан Баековдон кечирим сурайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Looks
2012-11-06 16:11:08
eptep ele kyldyrysh ychyn oozynarga kelgendi ottoi beresiner siler Azamat ekoonor. Soz aitylgancha senin kulun, aitylgan son sen sozdyn kylysyn. Inim kozyn achyp jyrson.
-1
Саби
2012-11-06 16:33:08
Ушул бала орду жок коп суйлойт.Элдин алдына чыгып аткан кийин ойлонуп туруп суйлошсо.
+1
altinim
2012-11-06 18:48:25
Gangam stylego timle baski bettegi syrotty
0
Nazika_1990
2012-11-06 20:09:31
мага такыр жакпаййт ушунун алпарганы таптырап суйлйтко орду мн суйлобойт такыр
+2
Joke82
2012-11-06 21:16:54
мейли да
0
Aibengo
2012-11-07 14:02:13
Элди кулдуром деп эле суйлой берген болбойт. Элдин баары карап, угуп тургандан кийин байкап баам салып суйлош керек да. Кээде тунку каналды карап турсан жанындагы шеригин суйлотпой эле озу эле суйлой берет. Эми бул алпаруучуну бут Кыргызстан карап, угуп турат, тамашоуда жургон жок, ошондуктан публикага жараш суйлош керек. бул менин Санжарга болгон кенешим....
+2
fanatka19
2012-11-07 14:54:57
ээ ушу бала тамада менен алыпбаруучулукту жон эле койсо болмок.
+2
isanov98
2012-11-07 16:56:14
Тим еле мага ыймандуу го а карасан акыбалын?
0
Meliana
2012-11-07 22:57:32
Эмне эле карап турсам сындап эле сындырып коюпсунар да.Молодец кыргыз жигити ты красавчик,дайым алга ийгилик.
Аз суйлосо аз суйлойт,коп суйлосо коп суйлойт дейсинер.Адамга озу бир нерсе да жакпайт.Вперед АЗАМАТ!
-1
ArzykulovaNURI
2012-11-08 02:13:07
Музобону алып барганда жаштарга ылайыктап суйлойбуз,50 жаштан ашкандар корбой эле койсун дегендей кылбай, баарына жеткиликтуу кылып, маданияттуу суйлоо керек!
+2
best-life
2012-11-08 16:03:48
ай кыкендер, коро албаган жагыбыз отоооо коп да бизде, эми эле башы корунсо буттан тартмай, койсок боло акыры ушундай начар сапаттарды. Эн мыкты ары да грррррамотный жигит, анан да баардык жагы ЭФИРГЕ туура келет. Элдин баары ушул жигиттей болсо укмуш эле болмокпуз, так моооолча ичинерди тыта бргиле :))))))))
0
Nestan_Darejan
2012-11-08 22:02:52
мага девушкасы жаккан жокк,андан башкасын тапсан болмок
0
syn4y.group
2012-11-09 10:35:37
Nestan_Darejan анын девушкасы менен сен суйлошмок белен, озуно жакса болду да!
0
data-alima
2012-11-10 22:17:02
балжырап эле суйлой беришет,жанагы бир бою кичине бала менен алып барган передачасында. Сразу очуромун телевизорду.
0
milashka90
2012-11-24 14:46:46
Aibengo мен сизге толугу менен кошулам мен да ошо тунку передачасында жанындагы шеригин суйлотпой озу суйлой бергени жакпайт.андайкен жанындагы кызды ефирге чыгарбайле коюш керек да .жалдырап байкуш кыз мейманга окшоп отура берет.
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан