Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова 1-ноябрда жакын санаалаштары, кесиптештеринин курчоосунда туулган күнүн белгиледи. Өмүрүнүн 44-күзүн баштан кечирип жаткан Гүлнур Сатылганова: «Жыл сайын өздүк майрамымдын урматына жаңы ыр жаздырып, ага клип тарттырууну салтка айлантып алгам. Туулган күндүк чакан кечемде сөзү Надырбек Алымбеков, обону Райхан Бейшеналиевага таандык «Сени буйруп койбогондо» аттуу ырымдын бет ачарын кылып, быйыл да салтты бузбай өзүмө белек кылдым. Ошондой эле «Нандын жыты» деген ырыма да клип тарттырып, ийгиликтериме сүйүнүп турган учурум»,- деп маңдайы жарыла
кубанычы менен тең бөлүштү.