Соңку мезгилдерде той-аштарга чакыруулар көбөйүп, колу бошобой жүргөн ырчы Мирлан Баеков кошуна Казакстанга көп каттап калганын айтат. Андан да кызыгы, Мирланга казакстандык Марат деген мырза «сага продюсер болуп берейин, бизге кел, казактын ырчысы бол» деген сунушун айтыптыр. Учурда Мирлан бул сунуштун үстүнөн катуу ойлонуп жатканын билдирди. Эгер ал продюсердин сунушуна макул болуп Казакстанга кетсе, кыргыз Баековсуз калабы деген ой тынчты алууда.