27-октябрь күнү «Манас» кинотеатрында кыргыздын "Оскары" деп атала баштаган «Ак-Илбирс» кино сыйлыгынын ачылышы болуп өттү. Биринчи жолу өтүп жаткан мындай мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны уюштуруу жаатында анча-мынча кемчиликтер да болду. Бирде жарык жакшы берилбей, бирде микрофон иштебей алпаруучулар бир топ эле жүдөштү.
Алпаруучулар атын атап, сыйлык алчу адамды чакыргандан кийин ал сахнага чыккыча залда отургандар күтүүдөн зеригип да кеттик. Бирок кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз чыгып: «Биринчи ирет болгон соң, албетте, кемчиликсиз өтпөйт. Мунун баарын кийинкиде эске алабыз»,- деп отургандарды жубатып өттү.
Ал эми жеңүүчүлөргө келсек, 6 наамда ат салышып, алтоону тең жеңип кеткен «Көч» документалдык тасмасы болду. Аталган фильмдин режиссёрлору Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакунов сахнага чыга берип, аягында «бизди таанып калдыңар, ээ?» деп элди жылмайтты. Айта кетсек, аталган тасма «Мыкты тасма», «Мыкты режиссёр», «Мыкты сценарий», «Мыкты оператор», «Мыкты үн режиссёр», «Мыкты монтажчы» наамдарын ээледи. Ал эми «Мыкты актриса» наамын «Күкүк Шахра» фильминдеги ролу үчүн Зарема Асаналиева алса, «Мыкты актёрду» ушул эле тасмадагы ролу үчүн Евгений Таранов илип кетти.
«Мыкты сүрөтчү» «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?» тасмасынын сүрөтчүсү Элдияр Мадакимге, «Мыкты композитор» ушул эле тасманын композитору Наргиза Жалиловага буюрду. "Ак-Илбирске" ээ болгондордун баарын куттуктайбыз!