Элге Бопуш деген ат менен белгилүү болгон актёр Марат Жанталиев Алматыда өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасындагы эл аралык 4-театралдаштырылган фестивалда «Мыкты актёр» наамын алып, кубанычы койнуна батпай жүргөн кези.
"Мындай чоң сыйлыкка татыйм деп күткөн эмесмин. Анткени ал жерге барган актёрлордун ар бири бул сыйлыкка татыктуу эле. Биз «Ай тегерек, ак чийин» спектакли менен барып, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрын, Кыргызстандын атын даңазалап келдик. Менден тышкары "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына кесиптешим Айнура Качкынбек кызы ээ болду",- дейт актёр.