ТАШИЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛАБЫ?

31-октябрда Башкы прокуратура «Ата Журт» фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылды.Ташиевге Башкы прокуратуранын сунушу менен соттук-психикалык текшерүү өткөрүлүп, анын жыйынтыгынын негизинде үй камагына чыгаруу өтүнүчү сотко жолдонгон.

ПСИХИАТРИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА...
Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен анын адвокаты эмес, Башкы прокуратуранын чыкканы дагы өзүнчө маселе жаратты. Жарандык кодекске ылайык, психикалык абалды аныктоого сот экспертизалык иликтөө жүргүзүүнү белгилей алат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, Камчыбек мырза психиатрия боюнча жоон топ адистердин тыкыр текшерүүсүнөн өткөндөн кийин гана ушундай өтүнүч ачыкка чыгып отурса керек. Буга чейин депутаттын Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшүүсү чоң талкууну жараткан. Айрымдар аны баланын ишине теңесе, кээ бири логикага сыйдыра албай убара чегишкен болчу.

СОТ ОТУРУМУ КЕЧИГҮҮДӨ
31-октябрь күнү депутаттын жактоочусу «мына-мына, чыкканы калды» деп жар салганы менен, ал күнү журналисттер канчалык УКМКнын дарбазасын аңдышпасын, Ташиевдин карааны да көрүнгөн жок. Көрсө, соттук отурумдун өтүүсүнө Башкы прокуратуранын өкүлү келбей калганы себеп болуптур.
Депутаттын баш коргоо чарасын кароо 1-ноябрга белгиленген болчу. Бирок белгисиз себептер менен соттук отурум бул күнү да болгон жок. Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын өтүнүчүн кароо 5-ноябрга жылдырылганын кабарлады. Оппозиция лидерлеринин тарапкерлери эгер 2-ноябрда саат 10:00гө чейин депутаттар бошотулбаса, Бишкек шаарын көздөй Жалал-Абаддан жөө жүрүш башталарын эскертишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
winnie
2012-11-06 14:22:11
Бошотулдубу
-2
Dimabek
2012-11-06 15:48:30
Ташиевдин кылган жакшы иштери баары жуулуп кеттиби эмне? Кыргыз учун ушундай ахыбалга тушуп отурат..!
+1
Juma1303
2012-11-06 18:29:23
ташиев кашыктап жыйнаган аброюн ак уйдун заборун ашып отом деп жоготуп алдыго еми болсо псих болом деп жатса ха ха тиги елдер акча учун еле жоо журуш кылабыз деп жатышат
0
Rostov-on-Don
2012-11-06 21:26:51
Ташиев эмне камалган беле эмне учун достор ?Мен саясаттан артта калыптырмынго.Убакытынар болсо жооп жазып койгулачы сураныч.Алдын ала рахмат!
-1
Taalaibek.
2012-11-06 22:45:11
Псих болсо депуттан бошотуш керек. Андай псих депутатты ким койду экен? Анын псих болуп иштегени элге кереги деле жок.
+6
islan_85
2012-11-07 00:37:14
мыйзам баарына бирдей- жооп бериши керек!!!бирок ал опазициёнерго бийлик неге аларга кумтор боюнча жооп бербеди,камактан бошотулушу керек буга чейинки жакшы иштерин кантип унутабыз
-4
Mukay-kg
2012-11-07 19:19:20
Бар бол кыргыз элим. Ажо болгон Атамбаев бир соз м.н чече албаса анда. Бар эле болсун да.
0
clever777
2012-11-09 13:00:57
Кайсы жакшы иш кылды эле? эстей албай койдум. булардын баарынын ойу эптеп бийликке жетуу. ал учун баарына барат. кочого чыгып эле кыйкырып бийликтегилерди жамандап койсо эле элдин ээрчип кеткени окундурот.Бул иш боюнча ажобуздун бир да реакциясын коро албадым.
0
slm-81-10
2012-11-09 21:25:21
Tashiev emne kyldy Kyrgyzstanga,aitkylachy?
0
stan.kg
2012-11-09 23:06:56
Ташиев июнь окуясында элге аралашып моралдык колдоо көрсөткөнү аз да болсо элге жакшы дем берген чыгар. Бирок андан башка эмне иш кылды кана санап бергилечи билгендер бар бекен? Ата Журт партиясы парламенттик шайлоонун алдында июнь окуясына тиешеси барларды парламентке келсек биринчи кезекте жоопко тартабыз дешкен. Кана, кана, кана?! Парламентке эле эмес Келдибеков баш болуп парламенттик өлкөнүн биринчи адамы болгон спикер болуп турганда дагы бул убадала
0
stan.kg
2012-11-09 23:19:41
рын сөз жүзүндө гана калтырып коюшту. Жердешчиликке салып эле колдой берсек биз эч убакта саясий, экономикалык жактан өнүкмөк турсун артка кетерибиз турган иш. Эгер Садыров, Ташиевдер чындап эле Кумтөргө күйгөн болсо анда эмне үчүн бул маселени Акаевдин, Бакиевдин убагында алып чыккан эмес? Өздөрү парламентте отуруп алып жалпы кыргыз элинин алдында Премьерди чакырып алып талкуулабастан элди Кумтө
0
stan.kg
2012-11-09 23:23:43
р маселеси боюнча деп алдап митингке чыгарып бир аздан кийин ачыктан ачык бийликти басып алабыз деп ак үйдүн дарбазасынын ашып түшүп ойлору ишке ашпай калгандан кийин эми минтип куру калпты сүйлөп жаткандарын көрүп чындыгында эле булардын психикаларына доо кеткенби деген ойдо калат экенсин.
+1
isanov98
2012-11-11 15:57:11
Атамбаев кетсин! Ата-Журт партиясынын лидери К. Ташиевдин елге кылган жакшылыктарын унута албайбыз, себеби, елге аябай жакшы иш аткарган.
Атамбаев елдин алдына уялбай мас болуп чыгыптыр бетти жок
0
isanov98
2012-11-11 16:05:08
Атамбаев кетсин! Ата-Журт партиясынын лидери К. Ташиевдин елге кылган жакшылыктарын унута албайбыз, себеби, елге аябай жакшы иш аткарган.
Атамбаев елдин алдына уялбай мас болуп чыгыптыр бетти жок
0
kg-Baktybek
2012-11-11 22:44:35
"Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста" дегендей жаман болду деп эле Ташиев жонундо андай суйлобойлу туугандар, Ташиевди Эл Баатыры десек жарашатко кайрадан.
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан