31-октябрда уланган Апрель окуясы боюнча соттук отурумда мурдагы Коргоо министри Бактыбек Калыев көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абадда камакка алынып, кийин депутаттардын кепилдиги менен үй камагына чыгарылган эле.
Берген көрсөтмөсү боюнча, экс-министр 6-7-апрель күндөрү ден соолугуна байланыштуу дарыланып жүргөнүнө карабай Ак үйгө чакырылган. 7-апрелде Бактыбек Калыев Ак үйдү коргоо үчүн атайын багыттагы «Скорпиондун» 100 кызматкери менен Бишкек жогорку аскер окуу жайынан 200 курсант алып келгенин билдирди. Бирок элди атууга эч кандай буйрук бербегенин, ал тартып келген жоокерлер куралсыз болгонун айтты. «Мага карата коюлган айыптарды мойнума албайм. Бакиевдер менен жердешмин, бирок тымызын сүйлөшүүгө барган эмесмин. Ал күндөрү мойнума жүктөлгөн милдетти гана аткардым»,- деп экс-министр көрсөтмө берди.