«Прецедент» шериктештик тобу менен «Психикалык ден соолук жана коомчулук» ачык коому кайрылуусун жарыялады. Анда "ЖКнын депутаты Ташболот Балтабаев ачкалыктан каза тапкан пациенттердин сөөгү сатылган психиатрдык оорукананын мурдагы жетекчисин кызматына кайрадан алып келгени жатат" деп маалымдалат. Көрсө, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага Ташболот Балтабаев жетектеген депутаттардын тобу Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорлугуна Сүйүнтбек Назаркулов дайындалсын деп "кысым" көрсөтүп жатышыптыр.
Эски кызматына "кудаланып" жаткан Сүйүнтбек мырза 2005-жылдын дүрбөлөңдүү каарманына айланган болчу. Ал жетектеген оорукана германиялык доктор Гунтер фон Хагенстин көргөзмөсүнө Чым-Коргон айылындагы бейтапкананын пациенттеринин сөөгүн саткан деп айтылып жүрөт. Ташболот Балтабаев ошол учурда ЖКда Социалдык комитеттин төрагасы болуп туруп, нааразы болуп жаткан топтун айтымында, Назаркуловго жоопкерчиликтен качууга жардам берген. Жабылуу аяк жабылып, элдин баары аны унутту дегенби, депутат мырза ошол адамды кайра кызматына алып келүүгө жан үрөп жатыптыр.