ШААРДА ЖАШТАР ҮЙҮ АЧЫЛАТ

Баткен шаарындагы жаштар үйүнүн курулуш иштери аяктап, ноябрь айында колдонууга берилүү алдында турат. Курулушка 2011-жылдын октябрь айында Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги тарабынан 2 миллион 600 миң сом, облустук администрация тарабынан 2 миллион 600 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул курулуш 5 миллион 200 миң сомго баалаган. Бирок акырында жумуштун көлөмү көбөйүп, каражат 7 миллион 200 миң сомду түздү. Келечекте мекеме жаштардын маданият очогуна айланып, аларга чет тилдер, компьютер ийримдерин ачып, китепкана жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү каралууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kanybek78
2012-11-07 16:58:45
эн жакшы
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан