Сүлүктү шаарында 27-октябрь күнү «БекБайКут» бильярд клубунун ачылышы болуп өттү. Бул аземге аталган шаардын ишканаларынын жетекчилери жана шаардын тургундарынын арасында мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында 3-орунду ээлеген Сүлүктү шаардык казына бөлүмүнүн башчысы Арстан Келдибеков 2000 сом менен сыйланды. Ал эми 2-орунга ээ болгон шаардык салык кызматынын башчысынын орун басары Жалалидин Эржигитов 5000 сом менен сыйланды. Мелдештин жеңүүчүсү – «Ак-Тилек» компаниясынын өкүлү Бахап Юсупов 7000 соомго ээ болду.