Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги, Үй-бүлө, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата аз камсыз болгон жаштарды колдоо максатында 5-ноябрь күнү чоң үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрмөкчү болушту. Бул тойго Баткен облусунун аз камсыз болгон үч үй-бүлөнүн жаштары Бишкек шаарына үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн барышат. Алардын кийиминен баштап нике шакегине чейин уюштуруучулар камсыз кылып, тойлорун өткөрүп бермей болду.