29-октябрь күнү БатМУнун алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледждин студент кыздарынын арасында «Күз периси» аттуу сынак болуп өттү. Ага 11 сулуу катышып, сынак 4 шарттан турду. Сулуулар өздөрүн тааныштырып, кийинки шарты боюнча ар бир катышуучу элди таң калтыра ар кандай образдарды жаратты.Ошондой эле катышуучулар түрдүү элдин бийлерин аткарышты. Иш-чаранын акыркы бөлүгү мода көрсөтүү болуп, өздөрүнүн колунан жаралган саркеч кийимдерди кийип чыгышты. Сынактын ар бир шартын кара кылды как жарган калыстар баалап, жыйынтык чыгарышты. Жыйынтыгында 3-орунду Чынара Бакытбек кызы, 2-орунду Сейдана Кенжебаева ээледи. 1-орунду Айгүл Артык кызы илип кетсе, «Күз периси» наамына Нурзада Аман кызы татыды. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер берилди.