30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучуларынын арасында милициянын подполковниги Мухаммед Мамашевдин жаркын элесине арналган мелдеш болуп өттү. «Спорттук ынтымак, достук» деген аталыштагы мелдешке шаардын 21 мектебинен келген командалар жана Сузак районунан команда катышты. Анда спорттун 11 түрү боюнча таймаш жүрдү.
Аталган мелдешке Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги, өздүк курам, маркум подполковниктин үй-бүлөсү, Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы, окуучулар жана мугалимдер катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктарга ээ болушту.