Токтогул РИИБинин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан баңгизат саткан жаран колго түштү. 2012-жылдын 23-октябрь күнү Токтогул районунун Тоолук айылына караштуу Туура-Кайың участкасынан Токтогул шаарчасынын 33 жаштагы тургуну Т.Бны текшерүү учурунда жанынан капка салынган 6 килограмм 300 грамм өлчөмүндөгү марихуана табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.