Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук ИИБинин жетекчисине жана кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнү 6 адамдан турган белгисиз топ күч колдонуу менен 1995-жылы туулган кызды зордуктап коюшкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, медицина кызматкерлери зордукталганы тууралуу Аксы райондук ИИБиге маалымдашкан. Аталган органдын кызматкерлери бул оор кылмыш тууралуу билсе да арыз жаздыртпай, окуяны каттоодон өткөрбөй туруп «жабырлануучу жеңил эле жаракат алган» деп ишти жаап салышканы белгилүү болду.
Учурда Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Аксы райондук ИИБинин жетекчисине жана кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу), 315-берене (кызмат ордун пайдалануу менен документтерди жасоо), 326-берене (далилди бурмалоо), ал эми зордуктаган 6 адамга 129-берене (зордуктоо) жана 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.