«Облуста пенсионерлер акчаларын өз убагында алып жатышат жана алар тараптан эч кандай нааразычылык жок»,- дейт КРнын Социалдык фондунун Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Рустамбек Тургунов. Анын айтымында, 2012-жылдын 9 айына каралган план боюнча, бекитилген 321,6 миллион сом 345,9 миллион сомго көбөйгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 75,9 миллион сомго көп болуп, жогорулоо 128,1 пайызды түзгөн.
Учурда ушул жылдын 1-октябрына карата Жалал-Абад шаары боюнча 6983 пенсионер каттоодо турат. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон 37 ардагерге персоналдык пенсия берилет.