Чаткалда өзбек чек арачылары кыргыз тарапка жылып алган аймакты учурда райондук комиссия текшерип жатат. Буга чейин жергиликтүү тургундар Өзбекстан Кыргызстандын аймагына 300 метрдей кирип, 200дөй чакырым тилке жана корук убактылуу кайтарылбай калганын айтып, парламентке кайрылган. Чек арачылар шарттын жоктугунан суук түшкөн маалда тозотту айылга көчүрүп келүүгө аргасыз экенин айтууда. Чаткал чек ара тозоту, негизинен, Өзбекстан менен чектешкен 220дай чакырым жерди кайтарат.
Ала-Букадагы чек ара аскер бөлүгүнүн ордо зардалысы Кыялбек Төлөнбаевдин айтымында, өзбек аскерлери өздөрүнүн туругуна каттаганда Кыргызстандын аймагында Совет доорунда курулган көпүрөнү колдонушат. «Кошуна өлкөнүн чек арачылары жылып алды» деген сөздөр ушуга байланыштуу чыгып жатат.