Раниера, дастанчы:«НУРАК АТАНЫН КОМУЗУН ЧЕРТИП ЖҮРӨМ»

Жергебиз таланттарга бай келет. Комузда кол ойнотуп, обон созгон дастанчы кыз, 11-класстын окуучусу Раниера менен чыгармачылыгы, ийгиликтери тууралуу маек курдук.

– Раниера, ысымың өзгөчө экен...
– Оригиналдуу ысымды таятам койгон. Эч бир тилден алынбаса  керек, себеби өзү ойлоп тааптыр. Эмнени түшүндүрөрүн сураганымда «бизди эле эмес, жалпы кыргыз элин кубандырып, дүйнөгө тааныткан кыздардан болсун» деген тилек менен койгонун айткан, бирок чечмелеп берген эмес.

– Жакында Республикалык «Жаш таланттар» фестивалында жеңүүчү болупсуң...
– Бул фестиваль быйыл Нарын облусунда өттү. Мен ага дастан айтуу боюнча катышып, мыкты деген 10 дастанчынын арасынан 1-орунду алдым. Буга чейин эстрада жанрында ырдап жүрчүмүн, быйыл фольклорго басым жасадым. Себеби 7-классымдан баштап эле «Курманжан датка» дастанын көп айтып, дасыгып калгам. 

– Кандай белектер менен сый­ландың?
– 1-орун үчүн магнитофон тартуулашты. Азыр анын кереги абдан тиет. Роза Аманованын ырларын угуп, анын ырдоо, дастан айтуу стилин үйрө­нүү­дө­мүн. Роза эжедей таанымал, таланттуу инсан болууну кыялда­нам. Андан сырткары Ысык-Көл­гө эс алууга жолдомо алып, эс алып келдик.

– Талант жугумдуу болот деп коёт го. Сага кимден калган жана ким колдоо көр­сөтүп турат?
– Комузда кол ойнотуу менин тай жактарыман калса керек, апам  тарапта таланттуулар абдан көп. Апам мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейт. Ал мага вокал боюнча жардам берип, чоң салымын кошуп келет. 4-классымда комуз  чертүүнү да үйрөткөн. 

– Адатта, атактуу комузчу, дастанчылар колдонгон аспаптарын ырым кылып жаш аткаруучуларга беришет. Сенин комузуңдун өзгөчө экени байкалып турат, атактуулардыкынан эмеспи?
– Комузду мага таятам алып берген. Атактуу Нурак Абдрахманов  колдонуп жүргөн өрүк комуз экен, таятам Нурак ата менен таанышып, анан «таланттуу неберем бар» деп сатып алыптыр.

– Келечекте сени чоң сахнадан көрөт окшойбуз...
– Чоң сахнада өзүмдү элестете алам, аны менен катар чет  тилдерге абдан кызыгам. Чоң окуу жайга тапшырып, англис тилинен котормочу болсом дейм. Ырчылыкка катарлаш башка дагы бир кесипти аркалап кетем деген оюм бар.

– Мектепте кандай окуйсуң? 
– «4», «5» аралаш (күлүп). Өзүмө жаккан сабактарды «5ке» окуйм.

– Эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышуу пла­ныңда барбы?
– Катышуучулардын арасынан тандап, алдыда Түр­кияда же Францияда боло турган эл аралык фести­валга барасыңар дешти. Даярдык көрүп жатам, кү­нүгө үнүмдү тарбиялап, 2-3 саат машыгам, көнү­гүүлөрдү жасайм. Негизи, ырчылар үнүн сактап, муздак нерсе ичпей, балмуздак, кычкыл жебей, чек­төө­лөрдү коюшат экен. Мен андай деле чектөөлөрдү койбойм. Болгону, күнүгө ырдайм.

– Анда сага ийгилик!
– Силерге да рахмат!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан