Нарын шаарында «Кыргызстан жаштары» уюму уюштурган «Теңир-Тоо ажары» аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Сынак мектеп, колледж, университет сыяктуу окуу жайлар арасында жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган. «Жетинин бири – Кыдыр» дегендей, сынакка 7 сулуу катышып, таланттуулары жеңишке жетишишти.
Сулуулар 5 тапшырманын алкагында таймашып, 5 катышуучуга «Шайыр ажар», «Ийкемдүү ажар», «Жылдыздуу ажар», «Сүйкүмдүү ажар», «Таланттуу ажар» сыяктуу наамдар ыйгарылды. 2-орунду мектеп-гимназиясынын окуучусу Бегимай Тилекова алып, «Сахна ажары» наамына ээ болду. Ал эми 1-орунга мектеп окуучусу Айгерим Асылбекова ээ болуп, «Теңир-Тоо ажары» аталды.
Алдыңкы 2 орунга ээ болгон кыздар сулуулар сынагынын Республикалык кароо-сынагына катышууга жолдомо алышты. Сулууга бай жергебизде катышуучу кыздардын баары көрүүчүлөрдү кайдигер калтырышкан жок.