Орусия Кыргызстандын 499 МИЛЛИОН ДОЛЛАР карызын 2026-жылы кечип бүтөт.
29-октябрда Өзгөндө 50 МИҢ СОМ ПАРА менен «Тазалык» ишканасынын кызматкери кармалды.
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлеринин 88 ЖЫЛДЫГЫ белгиленди.
Түркиянын жарандарына МЫЙЗАМСЫЗ ДИПЛОМ ЖАСАП БЕРГЕНДИГИ ҮЧҮН Нарын мамлекеттик университетинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
«Электр станциялар» ААКсы Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу боюнча АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ тендерди өткөрө алышкан жок.
Быйыл ноябрь айында аба ырайы өткөн жылдарга караганда ЖЫЛУУ БОЛОРУ КҮТҮЛҮҮДӨ.
Каракол шаарынын көчөлөрүнө жарык берүүчү шам чырактарды орнотууга 900 МИҢ СОМ каралууда.
1-НОЯБРДАН тартып пенсионерлер пенсияны жаңы көлөмдө ала башташат.
Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВАГА козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү.
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 9 МИҢДЕН АШУУН жарандардын мурда соттолбогондугу текшерилди.
Мурдагы Социалдык коргоо министри РАВШАН САБИРОВДУН иши боюнча соттук отурум 12-ноябрга жылдырылды.
ШАМИЛЬ АТАХАНОВ Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын ордуна УКМКнын төрагалыгына БЕЙШЕНБАЙ ЖУНУСОВ келди.
Жогорку Соттун чечими менен депутат ТАЛАНТ МАМЫТОВ дагы бир айга камакта калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Heavy
2012-11-06 09:30:16
Суук болуватат го...
+1
sambo
2012-11-12 09:13:38
Быйыл ноябрь айында аба ырайы өткөн жылдарга караганда ЖЫЛУУ БОЛОРУ КҮТҮЛҮҮДӨ. Ой Койгулачы былтыр "Зима не будеть" деп алып эмне болдунар эле!Жалгыз кудай билет суук болобу же жокпу биз инсандар 5 муноттон кийин эмне болорун билбейбиз!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.