«АЙЫЛДАГЫЛАРГА ПЕНСИЯМДАН БАЛМУЗДАК САТЫП БЕРЕМ ДЕГЕМ»

Бирликбай аксакал менен баарлашуу мен үчүн бир жагынан кызыктуу болсо, экинчи жагынан кейиштүү болду. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында жашаган аксакал 78 жашында биринчи жолу паспорт алды.

– Ата, кандайча паспорту жок калдыңыз эле?
– Менин ата-энем Үркүндөн мурун эле Кытайга көчүп кетип, Кытайдын Көк-Терек деген жеринде туулгам. Азыр ойлосом, чоочун эл, бөтөн жерде кыйын эле күндөрдү өткөрүптүрбүз. Беш бир тууганбыз, кичине кезибизден короо-короо мал кайтарып, жаштыгыбыз тоодо өттү. Андан да кышкысын суук болгондуктан, сыртта мал кайтаруу оңой иш эмес эле. Баш-аягы отуз жылдай мал кайтардым. Анда бүгүнкү күндөгүдөй бала бакча, мектеп деген түшүнүк жок болчу. Болгону, курсагыбызга жылуу суу кирип, малыбыз түгөл болгонуна шүгүр келтирип жашаганбыз. Паспорт менен деле эч кимдин иши болбоптур.

– Кыргызстанга кайсы жылдары көчүп келдиңиздер?
– Ата-энем менен өз жерибизге кетсек деп эңсечүбүз. 1962-жылы тилегибиз орундалып, мекенибизге кайттык. Мына ошол убакыттан бери ушул жерде жашайм. Байбичем каза болуп калганына эки жыл болду, өзүмдүн балдарым жок. Учурда агамдын кызынын үй-бүлөсүндө турам. Ошол күйөө балам чуркап жүрүп 78 жашымда паспорт алып берди.

– Паспортту кеч алганыңыздын себеби эмнеде болду экен?
– Туура түшүндүрүп, көңүл бурган адам жок болгондугуна өкүнөм. Кийинчерээк жер алууга, пенсияга чыгууга документтер керек боло баштаганда паспорт деген эмне экендигин билдим. Анан паспорт алайын деп аракет кылып, кыйынчылыктын баары акча-тыйынга барып такалып жатты. Жакында эле үч айдын пенсиясы деп 12 миңге жакын акча алдым. Бул менин алгачкы пенсиям.

– Пенсияңызды эмнеге жумшадыңыз?
– Пенсия алсам, айылдагылардын баарына балмуздак сатып берем дечү элем, айрымдар үчүн ал убадамды аткардым. Кийим-кечегимди жаңырттым. Паспортту өз убагында алсам, ушуга чейин 6 жолу алмаштырмак экем. Күйөө балам Бакытка ыраазымын.

Мындан улам карынын батасына арзыган күйөө баласы БАКЫТ СЫДЫКБЕКовду кепке тарттым.
– Бирликбай аксакал кайнатамдын иниси болот. Кытайдан келгенден колхоз тараганча малчы болуп иштеген. Ошондон бери эч документ албаптыр. Колхоз деле убагында пенсияга чыгарып, көңүл буруп койгон эмес. Жер сатып алуу үчүн бардык кагаздарын мыйзамдаштырууга Бирликбай Айтмамбетов атанын паспорту керек болду. Сотко кайрылып, чечим чыгып, бир айдан кийин паспортубуз колго тийди. Мындан ары Бирликбай ата пенсиясын алып, өз керегине жаратары анык.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
monchok
2012-11-07 15:58:01
Мына кызык...
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан