Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов "Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бизди компетенттүү эмес деп айыптады" деп билдирди. Анын айтымында, Социалдык өнүктүрүү министрлиги кароосуз калган улгайган адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү максатында долбоор иштеп чыккан. "Аталган долбоор Каржы министрлигинде 2 ай каралып, бюджеттин дефицитинен улам колдоо тапкан жок. Биз бул тууралуу маалымат бергенибизде министрдин орун басары Арзыбек Кожошев бизди компетенттүү эмес деп айыптап, Каржы министрлигинин мындай аракети тууралуу ооз ачпашыбыз керек экенин айтты. Менимче, чиновниктердин этикасы – бири-биринин аракетин жаап-жашыруу эмес, а кызматын аткара албай жатса, ордун бошотуп берүү. Өз катабызды моюнга алуудан корксок, эл менен бийликтин ортосунда чоң ажырым пайда болот",- дейт Кылычбек мырза.