ЖКнын депутаты Райхан Төлөгөнов:«ДЕПУТАТТЫК МАНДАТКА ЖАРМАШПАЙМ!»

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Райхан Төлөгөновдун КАЙРЫЛУУСУ

Мен, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Райхан Төлөгөнов, буларды билдирем:
1. №1-СИЗОдогу А.Юсупов тарабынан тагылган айыптар – жалган, менин ал айткан кылмыштарга катыштыгым жок. Калыс жүргүзүлгөн тергөө менин катыштыгым туурасында далилдердин жоктугун тастыктайт деп ишенем. Далилдердин болушу да мүмкүн эмес.
2. Эч качан бийлик, артыкчылыктарды издеген эмесмин, азыр да депутаттык орунга жармашпайм.
3. Мезгил баарын өз ордуна коёт жана Кыргызстандын калкы бул жалган жана чуулгандуу «спектаклде» кимдер жана кимдин кандай роль ойногонун көрөт.
Мен улуу адамдын үйүндө төрөлүп, тарбиялангам. Атамдын китептеринин каармандарына таасирленип чоңойгом. Ал улуу мүнөздөр, тарыхтагы улуу инсандардын ролу жана Фергана өрөөнүндөгү калктын тагдыры кантип чечилгени туурасында жазган. Атамдын чыгармаларынан айкөлдүк менен кекчилдиктин, баатырдык менен коркоктуктун, кылыч менен уунун кармашын кезиктиргем.
Ал китептерде түз айткандык жана ак ниеттик дайыма жеңе берген эмес. Тарыхтын ачуу чындыгы ушул – саясий күрөштө дайыма пас адамдар жеңет, ал эми анык баатырлар чагымчылыктын жана жалгандын курмандыгына айланат. Так, байлык, сый-урмат дайыма ага татыктууларга таандык боло бербейт. Бирок атамдын айткан окуяларында пастык жана сатып кетмейликтин жеңиши түбөлүк эмес. Элдин эсинде анык баатырлар, анык жеңиштер калат. Жылдар өтөт – пастык өчөт, улуулук сакталат, чагымчылык унутулат, ал эми кадамдар жана аракеттер калат.
Маданий ишмердин, улуу жазуучунун, Кыргыз Эл Баатырынын уулу катарында карьералык өсүш, керектүү байланыштар, артыкчылыктар үчүн көп мүмкүнчүлүктөргө ээ элем. Бирок терең түшүнүү менен өзүмө башка жолду тандап алгам. Оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын катарында Акаев менен Бакиевдин режимине каршы күрөшкөм. Эми азыр «мародёрлукка катыштыгы бар» деген айыптоолор көңүлүмдү оорутат.
Өмүрбек Бабанов, НТС телеканалы айыпкер Абдулла Юсупов менен менин ысымымды каралоого бар күчүн жумшашты. Айрым аткаминерлер, депутаттык комиссиядагы айрым кесиптештерим болушунча, эч текшербестен эле мени, уулумду, ал тургай жардамчымды да айыптоого өтүштү. Уялбастан буга атайын жалданган кара пиарчы «адистерди» колдонуп өз карамагындагы маалымат каражаттарында чуу кылып, мени өтө жаман адам көрсөтүп, адамдардын башын айландырышты. 2010-жылдын апрелиндеги бакиевдик мүлктүн тонолушуна катыштыгым туурасында эч далил таба албастан, 2000-жыл, 1990-жылдарды каза башташты. Кудайга койдум. Мен күнөөлүү эмесмин, муну так айта алам. Убакыт өтүп, мындай ыплас иштерге катыштыгым жок экени далилденет. Бирок азыр атайын жасалган үгүт кампаниясы менен түзүлгөн коомдук пикирдин басымын көтөрүү мага оор келүүдө. Бир дагы берене боюнча кылмыш иши козголбой туруп, курчаган адамдардын шектенип карагандарына күбө болуу, «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» дегендерин угуу мага абдан кыйын. Ошол себептен партия жетекчилигине мандатымды тапшырууну туура көрдүм. Дарегиме айтылган айыптоолордон улам эмес, мага расмий түрдө айып да тагылбаган, шектенүүлөр менин партияма жана жалпы парламенттин беделине шек келтирип койбосун деген ниетте мындай кадамга баруудамын.
Кызмат катарындагы мандатымды, юридикалык жоопкерчиликтен калкалаган кол тийбестик катарында мандатымды тапшырып жатам. Бул туурасындагы арызымды «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге тапшырдым. Эгер тергөөнүн жыйынтыгында эч кандай күнөөм жоктугуна партиялаштарымдын кымындай эле шектенүүсү жаралса, анда менин арызымды Борбордук шайлоо комиссиясына жиберип, мандатты партиялык тизмедеги кийинки талапкерге беришсин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aote
2012-11-05 10:31:45
jok avtoritetindi saktap,ubagynda tapwirganyn jakwi boluptur
-1
Polat
2012-11-05 15:12:55
Атаныз улуу киши эле менин да ишенгим келбейт сизди каралагандарга. Ак болсонуз сынбаныз.
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан