Бакыт Бешимов: “Т.САРИЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИ БИЙЛИКТИН САЯСАТЫНА ИШТЕП ЖАТАТ!”

Оппозиция президенттик шайлоого бир гана талапкер менен чыгарын жар салган эле. Иш жүзүндө андай болгон жок. «Темир Сариевдин президенттикке талапкерлигин койгондугу – оппозициянын жеңилгени» деп жоругандар көбөйдү. Бул иштер оппозициянын кайнаган очогунда кандай бааланып жатат? Мындай суроо менен оппозиция лидерлеринин бири, ЖКдагы СДПК фракциясынын лидери Бакыт Бешимовго кайрылдык.

Бакыт Жолчубекович, БЭК “президенттик шайлоого бир талапкер менен чыгабыз” деп айтып келген. “А.Атамбаев, И.Исаковдон тышкары Т.Сариевдин да талапкер болуп чыга келиши менен оппозиция ыдырады” деген сөздөр айтылууда...
–Бул сөз негизсиз. “Бирдиктүү жана бир талапкер менен!” деген максатта эле баратабыз. Бул нерсе талашсыз. Ал эми эки талапкердин чыгышын саясый тактика деп түшүнсө болот. Азыр бизден А.Атамбаев жана генерал И.Исаков талапкерлигин коюуда. Болжолдонгон убакыттан кийин бир гана талапкер калат.
“Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариевдин талапкерлиги жөнүндө эмне айта аласыз?
– Т.Сариев азыркы кезде БЭКтин курамында эмес, андыктан ал БЭКтин талапкери болуп эсептелбейт.
– “Анын талапкерлиги оппозициянын добуштарын бөлүп салуу үчүн оппозициянын оппоненттери тараптан колдонулуп жатат” дегенге кошуласызбы?
– Темирдин талапкерлиги бийликтин саясатына жана долбооруна иштеп жатат. Бирок оппозициянын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизе албайт жана оппозициянын добуштарын ала албайт. Азыркы кезде өлкөдө эки гана чоң күч бар. Бири – Бакиев башында турган бийлик, экинчиси – БЭК.
Шайлоодо сиздердин талапкер утулуп, “шайлоо бурмаланды” деген жыйынтыкка келсеңиздер кандай кадамдарга барасыздар?
– Биз азыртан эле мыйзам бузуулар тууралуу тийиштүү мекемелерге өз убагында билдирип жатабыз. Бийлик таза шайлоо өткөрө албасын 2007-жылы 16-декабрда далилдеди. Ошондуктан талаптарды катуу коюп жатабыз. Бийлик бизге кандай мамиле кылса, кандай кысым жасаса, ошондой катуу жооп алат. Биз өз укугубузду, добуштарыбызды активдүү коргойбуз.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан