КЛИПТЕГИ КЕЙИПКЕРЛЕР

Адатта, ырчылардын атактуулук тепкичиндеги жогорулоосунда алардын улам жаңы тарттырып, эл сыноосуна алып чыккан клиптери да чоң роль ойнойт. Клиптерди калкка жагымдуу жана таасирдүү кылып жеткирүү клипмейкер менен катар каармандан да көз каранды. Мына ошондой клиптердин каармандары менен окурмандарды кененирээк тааныштырууну туура көрдүк.

МАЯКЧЫ КЫЗДАР

Нурлан Насиптин «Маякчы карындаш» деген ырына тартылган клиптеги 21 жаштагы эгиз кыздар – НУРАЙЫМ, БЕГАЙЫМ ЭШИМКАНОВалар. Экөө эки башка окуу жайдын студенттери. Коёндой окшош кийинишпесе да, эки тамчы суудай окшош сулуу кыздар клип жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып беришти:

Нурайым: – Нурлан Насип биз иштеген дүкөнгө келип кийим алып турчу. Ошондон улам тааныш болуп калганбыз. Ал бизди көргөндө эле «силерди клипке тартыш керек экен» деп айткан. Анан бул клипке кастинг башталганда бир топ эгиз кыздардын ичинен бизди тандап алды.



Бегайым: – Клипмейкер Эрнест Сыдыков өзү да бизди көп жолу алмаштырып алып жатты. Негизи, жашоодо ар дайым эле бирдей кийине бербейбиз. Ал эми клипке тартылып жатканда окшош кийинүүбүздү талап кылышты. Ошондо гана бири-бирибизге аябай окшош экенибизди чындап билдик. Окшоштугубуздан пайдаланып, кээде бирөөбүз ойной албаган жерлерди экинчибиз толуктап жаттык. Көпчүлүк бул клипке бир эле кыз тартылып, анан монтаж аркылуу жасап коюшкан деп ойлошуптур.




ГҮЛЖИГИТТЕН СҮРДӨГӨН ЛЕЙЛЕКТИК КЫЗ

САЛТАНАТ ЖУМАБАЕВА, ОшМУнун биология факультетинин 5-курсунун студенти, Өзгөндүн кызы. Гүлжигит Сатибековдун «Лейлектик кызга» клибинде ырчы менен Исфанадан бирге баса берген кыздын ролунда:

– Клипке тартылууга кастинг аркылуу келгем. Андан мурда дагы бир-эки клипке сунуштар түшкөн эле. Бирок ал ырчылар анча белгилүү болбогондуктан, баш тарткам. Бул жаатта тажрыйбам деле жок, андыктан образды жаратыш оор эле болду. Жашоодо тартынчаак, көп сүйлөбөгөн жанмын. Гүлжигит аке менен бетме-бет туруп тартылган жерин келтире албай кыйналдым. Жанымдагы жеңенин ролун аткарган Ош шаардык драма театрында иштеген Анара аттуу актриса эженин жардамы көбүрөөк тийди. Кантсе да тажрыйбалуу актриса да, мага кеңеш берип турду.
Клипти көргөндөр көбүнчө чачыма суктанышат. Чачымды көп жылдан бери өстүрөм. Илгертен эле кыргыздар «кыздын кырк чачы улуу» деп чачты баалап келишкен. Мен чачты кесип, жайып албай өрүп жүргөндү жакшы көрөм. Клиптеги кийимдерди өзүм тандап, режиссёрго көрсөтсөм, алар колдоого алышкан. Буюрса, дагы көп образдарды жаратсам деген тилегим бар.

МИРБЕКТИН «АЛДАМЧЫ» КААРМАНДАРЫ

Мирбек Атабековдун аткаруусундагы «Алдадың» аттуу ырга тартылган клиптеги баш каармандар менен таанышабыз.
КАНАТБЕК АБДРАХМАНОВ, Бишкектеги Чыгыш университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Учурда өз кесибин аркалоо менен бирге киного да тартылып жүрөт. 24 жашта, бойдок:

– Клипке тартылууну режиссёр Эрнест Сыдыков сунуштаган. Мында мага бир аз оорчулук алып келген жери – күндүн ысыгында костюм-шымчан шаарды аралап чуркоо болду. Күлкүлүүсү, майрамдык кийим менен квадроцикл минип алып, жол чыракка келип токтоп калганда элдин «куттуктайбыз!» деп кыйкырганы, учуп бараткан учакты тартабыз деп ал жердегилерден тил укканыбыз менен эсте калыптыр. Бул клипти тартууда режиссёрго жардамдашып жүрүп, өзүмө чыгармачылык тажрыйба топтодум.



СВЕТЛАНА АШЫРОВА, аталган клипте өз тоюнан качкан кыз. Келечекте кыргыздын мыкты режиссёрлорунун катарын толуктайм деп дилгирленген 24 жаштагы Светлана клип жөнүндө мындай дейт:

– Бул клипке чейин Замир Мырзанын «Сүйүүгө таазим» клибинде да башкы ролду жараткам. Бардык окуялар турмуштан алынат эмеспи. Клип чыккандан кийин «мен да ушинтип жигитиме качып кеткем» деп өз башынан өткөргөндөрүн айтып чалгандар да болду.
Көчөдө мени таанып калгандар «качып кеткен келинчек», «саткын» же «фатачан кыз» деп азил күлкү менен кайрылган учурлар да кездешүүдө. Кызыгы, клиптеги Канат экөөбүз «Салам, Бишкек!» тасмасына да чогуу тартылганбыз. Бирок анда мен Канаттан качпай эле, экөөбүз баш кошобуз.


ЖИГИТТЕРДИ ЧЕКЕСИНЕН ЧЕРТИП ТАНДАГАН ХИЛОЛА

ХИЛОЛА РАХИМШАИХОВА,Куралбек Чокоев аткарган «Билип жүр» деген ырдын клибинде артынан далай жигиттерди чуркаткан бийкеч. КОСУнун юридика факультетинин 5-курсунун студенти. Хилола сөздү улутун тактоодон баштады:

– Мен өзбек кызымын. Курал менен Бишкектеги кафелердин биринен таанышып калгам. Бир күнү ошол жерде тамактанып отурсам, Курал келип клипке тартылуумду сунуштады. Жайкы лагерлерге барганда ар кандай оюндарга, роликтерге тартылып көнүп калгандыктан, дароо макул болдум. Шаңдуу компания менен тамашалашып жатып, олуттуу ойной турган жерлерди бир нече жолу кайра тартууга мажбур болгонбуз. Кайра-кайра кирип-чыга берип, клип тартылып жаткан көп кабаттуу үйдүн кайтаруучуларынын ачуусуна далай тийдик го.
Негизинен, жашоодо деле клиптегидей тандоого туура келген учурлар болгон. Көптөгөн сыноолорго чыдап, өз сүйүүсү үчүн көп аракеттерди жумшап, чыныгы жигиттик сапаттарын көрсөткөн мырзаны тандоого туура келген. Бул клипке тартылуудан мен рахат гана алдым. Күлкүлүү, элге жагымдуу клип болгон.
Мындан башка дагы сунуштар болду, бирок окуума байланыштуу алардан баш тарткам. Келечекте окуумду аяктап, элиме өз кесибим боюнча пайда келтирсем деген максатым бар. Анан, албетте, жакшы клиптерге тартылууга да каршы эмесмин.

Нургүл Чабдарова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Клиптеги кейипкерлер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Mirlan2011
2012-11-05 15:51:04
Салтанат Жумабаева сен "Жашоодо тартынчаак", көп сүйлөбөгөн жан болсон,анда образ жаратуу сен учун оор болсо керек.Бирок ыймындуу кыздын образын мыкты аткарыптырсын. сага ийгилик!
0
Айчурок
2012-11-05 17:52:13
Мирбектин клибиндеги бала менен кыз оло жагатда мага экоо тен вообще сулууууууууууу. Сиздерге ишиниздерге чон-чон ийгиликтерди каалайм!!!!!!!!
0
venchik
2012-11-06 09:25:49
Мага да Салтанат Жумабаева жакты. Созулган кыз экени корунуп турат го. Ийгилик иштерине.
0
tatakozy
2012-11-06 12:27:18
Эгиз кыздар жакты
0
Ashurova-gulida
2012-11-07 02:51:36
Салтанат жумабаева озумдун жердешим
0
OMG
2012-11-07 22:09:53
Egiz kyzdar aiabai sonun kyzdar eken ))))
0
prima
2012-11-08 02:03:03
pfui vse besyat
0
Miraida9494
2012-11-08 14:11:23
Мирбектин клибиндеги Жигит аябай жакты . Жакшы роль аткарыптыр киного тартылса сонун болмок.:-)
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан