ЭГЕМБЕРДИ БЕКБОЛИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ОТУРУШТА ДОСТОРУМ НИКЕБИЗДИ КЫЙЫШКАН»

КРнын Эмгек сиңирген артисти, таланттуу актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев сахнада, эл көзүндө жүрүп эле барган сайын чачын буурул басып баратканы байкалат. Биз сүйүп көргөн кыргыз кинолорунун каарманы Эгемберди мырза абдан пунктуалдуу экен. «Убакытты үнөмдүү пайдаланса, бардык ишке жетишүүгө болот» деген актёр спектаклге даярданып жатып бизге жагымдуу маек куруп бергенге да үлгүрдү.

– Эгемберди ага, өткөн өмүр жөнүндө сөз болгон жерде сөзсүз балалык кез эске түшөт эмеспи. Сиздей таланттуу уулдун балалыгы кайсы жерде өткөн?
– Мен 1955-жылы 20-майда Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөм. Атам – гидротехник, апам колхоздо иштечү. Өзүм чоң үй-бүлөдө чоңойдум. 9 бир тууганбыз, мен бешинчисимин, 4 эжем, 2 иним жана 2 карындашым бар. Мектепте аябай түнт бала элем, мен теңдүүлөр сынактарга катышып, ар кандай иш-чараларды уюштура коюп, ырдап-бийлеп жүрүшсө, мен китепти колумдан түшүрбөй, отуруп алып окуй эле берчүмүн. Математика сабагын өзгөчө жакшы көрөр элем. Бала кезимде математик болом деп кыялданчумун.

– Сиздин пунктуалдуулугуңуздун себеби математика сабагын жакшы көргөнүңүздөн болуп жүрбөсүн?
– Балким, болушу мүмкүн (күлүп).

– Мугалим болом деп жүргөн жигит анан кантип актёрдук кесипти аркалап калды?
– Жаш кезимде ойлочумун, башка окууга тапшырып, өтпөй калсаң эч нерсе болбойт, ал эми актёрдук кесипке тапшырып өтпөй калуу мүмкүн эмес, ал уят деп. Бул кесип мага кол жеткис, ыйыктай сезилчү. Анда кайдан билиптирмин, актёрдук кесип минтип маңдайыма жазылып каларын. Баарынан да «мендей түнт адамдан кайдагы артист чыксын?..» деп ишенчү эмесмин. Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп калдым. Ошондо катылып жаткан таланттарымдын баары ачылбадыбы.

– Ташкенттен да билим алган экенсиз...
– Ооба, Ташкентке окууга тапшырып жатканда кызык окуя болгон. Өзбек адабияты деген сабактан да сынак тапшырат экенбиз. А мен өзбек адабиятына салым кошкон Алишер Навоиден башка эч кимди деле жарытып таанычу эмесмин да. Ага чейин мага «он чакты абитуриенттин арасында бир өзбек болсо, ошол өтүп кетет, калганы калат» деп айтышкан эле. Чындап эле ошондо мен өтпөй калдым. Кийин бул жактагы эжейим «э, хоп, ака, баары якшы болот» десең өздөрү чакырып өткөрүшмөк да» деп тамашалаган. Бирок кийинчерээк кыргыз группа менен барып, өтүп кеткем.

– Жубайыңыз Айсалкын Осмонова да сизге кесиптеш, актриса экенин билебиз...
– Ооба, Айсалкын экөөбүз азыркыга чейин театрда чогуу иштейбиз. Мен театралдык студияда окуп, иштеп жүргөндө, Айсалкын да бул жерде окучу. Экөөбүз тең жатаканада жашайбыз. Бир күнү балдар кыздарды конокко чакырышыптыр. Ошондо мен барбай калган элем, Айсалкын да келбей калыптыр. Кийин келбей калгандарды башка күнү чакырышты. Айсалкынга бир жигит тийише бергенинен андан качып менин жаныма келип отуруп алса, балдар «аа, мына, болду, жакшы көрөт экенсиң» деп жабыштыра башташкан. Ошондо Искен деген балабыз тамашалап молдо боло калып никебизди кыйып койгон эле. Биз ошол бойдон тарап кеткенбиз. Кийин тамашабыз чынга айланып кетпедиби.
22 жашымда Айсалкынга үйлөндүм. Нурдин деген уулубуз, Назгүл аттуу кызыбыз бар. Назгүл англис тили боюнча мугалим, ирландиялык жигитке турмушка чыккан. Уулум Нурдин – эколог. Мен ойлочумун, ушул уулум менин жолумду жолдойт го деп. Анткени кичине «чымындарын» байкап калчумун. Экөө тең бизди экиден неберелүү кылып, неберелеримдин жытын искеп жүргөн чагым.

– Чыгармачылык жолдо баш-аягы канча тасмага тартылдыңыз?
– Чынында, өзүм да билбейм, бирок көп деп айта албайм. Көпчүлүк мени «Апамдын махабаты» сериалындагы Аскардын ролунан таанышат. Эсимде, орустардын «Великий самоед» тасмасына башкы каарман тандап жатышыптыр, ошондо кастингде он жакшы актёрдун катарына кирген элем. Мага орустар «сен ондукка кирдиң, бирок бизге Сүймөнкул Чокморов керек» деп туруп алышты. Ошол тасмада алгачкы жолу эпизоддук роль аткарып тушоом кесилген.

– Кыргыз драма театрында 37 жылдан бери эмгектенип келет экенсиз. Жумушуңуздан тажап, башка тармакка ооп кеткиңиз келген учур болобу?
– Жок, андай болгон эмес. Кээде гана кыйналганда троллейбус айдап бараткан кишини көрүп «эх, ушунун жумушу оңой болсо керек, айдап коюп эле жүрөт да» деп көз артып койчумун. Мен көбүнчө спектакль бүтпөй эле койсо экен деп тиленем. Себеби спектакль бүткөндөн кийин сыртка чыксаң, баягы көр тирилик башталат. Сахна башка дүйнө эмеспи. Ошол дүйнөдөн чыккым келбей жүрө берем.

– Актёрдук кесип эмнеси менен кыйын?
– Билесиңби, драматург сүрөттөп, ой толгоп драма жазат. А биздин милдетибиз – ошол сүрөттөгөн каарманын ийине жеткирип аткарып берүү. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт да. Мисалы, «Апамдын махабатындагы» Аскардын ролунан кийин эл «өзүнүн башынан деле ушундай окуя өткөн болуш керек» деп ойлойт экен. Демек, бул менин каарманымдын ролун жан дилимди коюп аткарганымдын белгиси.

– Каарманыңыз Аскар экөөңөрдү кайсы мүнөз бириктирип турат?
– Аскардын образы мага сезимталдыгы менен жакын. Мен да жашоодо сезимталмын.

Лунара Бекиева
Ташболот Досалиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эгемберди Бекболиев: "Отурушта досторум никебизди кыйышкан"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zboobekova
2012-11-05 14:16:21
Эген Салкын эгиз козудай ээрчишип омур бою жургуло менин кымбаттуу урматтуу досторум
0
zboobekova
2012-11-05 14:20:23
кудайым силерге бакубат карылык берсин ,балдарынардын жакшылыгын коргуло ,мен силерди сагындым
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан