ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-ноябрдан 11-ноябрга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Аптанын баштапкы күндөрү маанайды түшүргөн иштер менен коштолот. Бирөөлөрдүн сөзүнө кирбей өз алдыңызча аракет кылыңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Айрымдар жумуш ордун алмаштырууга кадам ташташат. Бейшембиде таарынышып кеткен адамдарыңыз менен элдешүүгө мүмкүнчүлүк болот. Апта соңу адаттагыдай эс алуу менен өтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жеке жашооңуздун багытын өзгөртүүгө түрткөн чечим кабыл алууга туура келет, коркпостон алга умтулуңуз. Иш жаатында бут тосуулар болушу мүмкүн. Шаршембиде айланадагы адамдар менен пикир келишпестик жаралат, эмоцияга алдырбаңыз. Жума күнү алыскы сапарга аттанууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү жагымсыз окуяга туш болосуз дешет жылдыздар.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичинде капчыгыңызды кампайтууга мүмкүнчүлүк зор, колдон чыгарбаңыз. Пландарды ишке ашырууда ички туюмуңуз менен эмес, реалдуу нерселерге карап чечим кабыл алыңыз. Бейшембиде көптөн күткөн тилегиңиз орундалат. Апта аягында жагымдуу жолугушуу күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө жакындарыңыздын терс иштерин бетке айтуудан тартынбаңыз. Бул мамилени бекемдөөгө шарт түзөт. Шаршембиде ден соолугуңуз кескин начарлап кетиши мүмкүн. Бейшембиде активдүүлүктү жана чечкиндүүлүктү талап кылган иш жаралат. Аракет кылсаңыз, жакшы көрсөткүчкө ээ болосуз. Апта аягында башка бирөөлөрдүн жеке маселесине кийлигишүүдөн оолак болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жан дүйнөңүзгө тынчтык бербеген сезим аптанын негизги окуясы болмокчу. Издеген адамыңызды таап, аны менен мамилени бекемдөөгө ыңгайлуу учур. Ошол эле учурда тааныштардын бири менен таарынышып кетүүңүз мүмкүн. Бейшембиде күтүүсүз чоң жоготууга туш болушуңуз ыктымал. Жума күнү акчалуу болуп, кубанасыз. Жекшемби күнүңүз коомдук жайлардын биринде өтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын алгачкы күндөрүндө сизге кеп-кеңешин бергендерге кулак салсаңыз адашпайсыз. Шаршембиде кимдир бирөөгө убада берүүдөн алыс болгонуңуз жакшы. Аткара албай убара тартасыз. Бейшембиде күмөндүү сунуштардан баш тартыңыз. Аягы маанай чөкчү иш менен бүтүп калышы мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада каржы иштерине этият мамиле кылуу керек, болбосо чыгаша тартасыз. Апта ортосунда ден соолугуңузга зыян келтирип алышыңыз мүмкүн. Жума күнү эмгегиңиз текке кетет, андыктан пландалган ишти кийинкиге жылдырганыңыз оң. Апта соңу жакындар менен пикир келишпестик жана чыр менен аяктайт дешет жылдыздар.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул апта сиз үчүн тазаланууга убакыт келгенин көрсөтөт. Айрым досмун дегендер менен кол үзүшүүгө туура келет. Шейшембиде жаңы таанышуулар орун алат. Жума күнү ден соолугуңуз кескин начарлап кетүү коркунучу бар, өзүңүзгө кам көрүүнү унутпаңыз. Жекшемби күнү алыстан жагымдуу кабар угуп, кубанасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул апта сиз үчүн оор болуп, чыр-чатак менен башталат. Түгөйлөр ортосундагы таарыныч ажырашууга алып келиши да мүмкүн. Андыктан жагдайды жакшылап түшүнүүгө аракет кылыңыз. Бейшембиде эс алууга убакыт табыңыз. Апта аягында жалгыздыкты самап, жан дүйнөңүздү азыктандырып, эс алууга жол издейсиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын биринчи жарымы иштин көптүгү менен чарчатат. Андыктан жакындардан жардам сурагандан тартынбаңыз. Бейшембиде жеке жашооңузга көңүл бөлүп, айрым маселелерди чечүү менен алек болосуз. Жума күнү пайда болгон чырды ырбатуудан алыс болуңуз. Жекшембиде алдамчылардын тузагынан этият болуңуз, капчыгыңызды жукартып кетиши мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичи көңүлдү чөгөрө турган ушак, алдап кетүү өңдүү жагымсыз майда окуялар менен коштолот. Дүйшөмбүдө жасаган эмгегиңиз үчүн сый-урматка татыйсыз. Шаршембиде бирөөгө тапшырган ишиңиз ойдогудай болбой калышы мүмкүн. Эс алуу күндөрү базар аралап жана үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жакындарыңыздын жеке маселеси боюнча чечим кабыл алуусуна аралашпаңыз жана кеңеш берүүдөн оолак болуңуз. Сиз айткан боюнча чечим кабыл алып, туура эмес жыйынтыкка ээ болуп калса, сизди күнөөлөшөт. Шаршембиде эски тааныштарыңыздын бирине кезигишиңиз күтүлүүдө. Апта соңунда конокко чакыруу түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан