АДАБИЯТТЫН ЛӨГҮ ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫ ӨТТҮ

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду ким гана билбейт. Быйыл Түгөлбай Сыдыкбеков тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. 25-октябрь күнү Каракол шаарында жазуучунун 100 жылдык мааракеси белгиленди.

МААРАКЕГЕ 4 МИҢГЕ ЖАКЫН КИШИ КЕЛДИ
Каракол шаарынын четинде жайгашкан ат майданына белгиленген күнү эл жык-жыйма толду. Ат майдандын босогосунан тартып төрүнө чейин жазуучунун сүрөттөрү илинген экен. 30дан ашуун боз үй тигилип, сахна жасалгасы укмуш. Бул күнү таяк таянган карылар да, мотурайган бөбөктөр да майрамдап жүрүштү. Адегенде эле жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырып облустун таланттуу ырчы-чоорчулары, театрда эмгектенген таланттуулары чыга келишти. Төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин аткаруусундагы ырлар элдин көңүлүнө өзгөчө жакты окшойт, карыялардын сүрөгөн сөздөрүн кулагым чалды. Мааракеге келгендердин саны 3000-4000ге жетти. Казан-казан эт кайнап, буркураган самоор көтөргөн жигиттер, жарашыктуу кийинген кыз-келиндер тойдун көркүн ачып турушту. Көпчүлүктүн арасынан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабыр Сыдыкбековду жолуктуруп, кепке тарттым.

Жазуучунун уулу Сабыр сыдыкбеков:«АТАМ КЭЭДЕ КУЛАГЫБЫЗДАН ЧОЮП ТАРБИЯЛАЧУ»

– Саламатсызбы, той кут болсун!
– Чоң рахмат, бүгүн өзгөчө кубанычта болуп турам.

– Айтсаңыз, маараке кимдин демилгеси менен өтүүдө?
– Атам 1912-жылы май айында төрөлгөн. Атамдын 100 жылдык мааракесин өткөрүү облустук, райондук жетекчилердин демилгеси менен ишке ашууда. Учурдан пайдаланып бардык жергиликтүү жетекчилерге, облус тургундарына ыраазычылык билдирем. Арабызда жок болсо да атамдын чыгармаларын, талантын баалаган эли бар экендигине бүгүн ишенип отурам.

– Мурун да жазуучунун мааракелери белгиленген чыгар?
– Атам курулай мактанууну, өзгөчө шаан-шөкөттү жактырчу эмес. «Куру намыс баш жарат» деген сыяктуу «ашыкча той өткөрүү керек эмес» дей берчү. Ошентсе да апамдын, бир туугандардын жана, албетте, кыргыз элинин демилгеси менен 80 жылдыгын республикалык деңгээлде дүңгүрөтүп өткөргөнбүз. Андан соң 90 жылдыгын белгилейли деген ой бар болчу. Бирок ал мезгилде өлкөдө кыйынчылык болуп турган эле. Керек болсо айрымдар нанга жетпей калган учур болчу. Азыр болсо Кудайга шүгүр, бай болбосок да, жарды эмеспиз. Өткөн жылы үй-бүлөбүз, тууган-урук менен 99 жылдыгын белгилегенбиз.

– Жазуучунун тарбиялап-өстүргөн уул-кыздары жөнүндө эмне айтасыз?
– Бизге ата-энем мыкты тарбия беришти. Ошентсе да шоктук кылып далай жолу ата-энемди азапка салдым десем жаңылбайм. Атам катуу киши болгондуктан, кулагыбыздан чоюп тарбиялаган учурлар болгон. Биз 4 бир тууганбыз. Тилекке каршы, агам Аскар жана карындашым Динара каза болуп калышты. Азыр Арстан агам 72 жашта, кесиби боюнча сүрөтчү. Мен архитектор болуп иштедим, учурда эс алуудамын. Бүгүнкү күнгө чейин атамдын элеси ар качан жанымда. Ар бир маселени чечүүдө «муну атам кандай чечет эле?» деп ойлонуп, анан чечим кабыл алам. Учурда атамдын бир канча чөбөрөлөрү, кыбыралары бар. Санын так айта албайм.

– Кең-Суу айылында жазуучунун музейи ачылды деп угуп калдык...
– Ооба, бүгүн музейдин ачылышы болду. Музейге атамдын сүрөттөрүн үй-бүлөлүк архивден бердик. Мындан ары ал музей менен тыгыз байланышта болуп турабыз.

ТОЙ КЫЗУУСУ – АТ ЧАБЫШ
Андан ары тойдун эң кызуусуна убакыт жетип, ат чабыш оюну башталды. Биринен бири калышпаган күлүктөрдүн жарышы көрүүчүлөрдүн көңүл чордонунда болду. Саяпкерлердин тилеги баш байгеге коюлган эки автоунаанын бирөөсүнө ээ болуу экендиги ырас. Жалпысынан 53 күлүк ат салышып, мыктынын мыкты күлүктөрү байгеге ээ болушту.
Аман Адиев жана Мырза Учкурткаевдин аргымактары биринчи орунду алып, баш байгеге коюлган эки автоунааны багындырса, Сталбек Ибраимовдун күлүгү 2-орунга ээ болуп 70 миң, Аскат Жеңишбеков 50 миң сомго ээ болушту. Андан тышкары көптөгөн катышуучуларга атайын диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Баш байгеге ээ болгон Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну АМАН АДИЕВ кубанычын биз менен тең бөлүштү.
– Негизи, жылкыны жарышка даярдоо оңой эмес. Бул 5 ай мурун Италиядан келген байтал. Маараке эң жогорку деңгээлде өттү. Эмгегибиздин акыбети кайтып, ойлогон байгеге жеттик. Эми акжолтой унааны сатпастан, өзүбүз айдайбыз,- деди ал жылмайып.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Cunade
2012-11-07 13:19:41
aitkyla4y degi "adabiyattyn logy " degen soz emneni tywyndyrot??
0
Baktyyar
2012-11-09 18:31:59
Cunade, Адабияттын логу деген .адабияттын авторитети дегенди тушундурот
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан