«Жылдын супер тобу» наамына талапкер этноэстрадалык «Чоро» тобунун өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Ошол өзгөчөлүктөр тууралуу топтун көркөм жетекчиси жана урма аспапта ойногон Марат Абылов кеп салып берди.
– Айтсаңыз, топ түзүү идеясы кимге таандык жана топтогу жигиттерди чогултуу демилгесин ким колго алган?
– Топтогу жигиттердин баары мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде иштечүбүз. Кыргыздын эски ырларын аткарып жүрүп, мындан бир жыл мурун бас-гитарада ойногон Апаз Сыдыков экөөбүз жалаң таланттуу балдарды чогултуп, топ ачуу тууралуу сүйлөшкөн элек. Ошентип, балдарды акырындан чогултуп, алгач тар чөйрөдө эле ырдап жүрдүк. Өзүбүздүн деле чоң ийгиликтерге жетишип, шоу-бизнеске аралашуу максатыбыз жок болчу. Анан жакында болуп өткөн «Фрунзе Life» фестивалына катышып, баш байгени жеңип алгандан кийин биздин ырларыбыз элге жагарын билип, аудиториябызды кеңейтүүнү чечтик.
– Өзүңүз да топто урма аспапта ойнойт экенсиз...
– Ооба. Балдар менен кеңешип музыка тандап берем. Мындан сырткары көркөм жетекчинин кызматын да аткарам.
– Топтун курамындагы жигиттер тууралуу айтып берсеңиз. Топтун ар бир мүчөсү жок дегенде бирден аспапта ойносо керек?
– Албетте, ар бир ырчынын өзүнө тиешелүү кызматы бар. Көпчүлүгү Улуттук консерваторияда окуп жатышкандыктан, музыка жөнүндө түшүнүктөрү кенен. Топто жети жигит бар: Апаз Сыдыков бас-гитарада, Марс Жалилов комузда, Бексултан Маматкулов домбрада, Адилет Серкебаев гитарада, Айжигит Канат уулу клавишада, мен урма аспапта ойнойм. Нурболот Деңизбек деген вокалчыбыз бар.
– Топту эмнеге «Чоро» деп атадыңар?
– Бул атты биз кыргыз эстрадасында өчпөс изи бар улуу инсан Чоро Кожомжаровдун урматына атаганбыз. Ошол инсандын репертуарындагы ырларды жаңыча ырдап чыгабыз. Ага кошумча 1960-жылдардан берки элдин жүрөгүнөн орун алган ырлар жана күүлөр жандуу музыканын коштоосунда, биздин аткаруубузда жаңырмакчы.
– Жалаң кыргыз музыкалары менен эле чектелип каласыңарбы?
– Жок, чет элдик ырларды да аткарабыз. Эми ал публиканын кабыл алуусуна жараша болот.
– Каржы жагынан ким жардам берет?
– Аспаптардын баары өзүбүздүкү. Калган жагынан ата-энелерибиз, жакындарыбыз колдоо көрсөтүшөт.
– Продюсерсиз кыйналып калбайсыңарбы?
– Продюсер бул – товар сатуучу адам. Ал эми жакшы товар жарнамага муктаж эмес. Биз өз күчүбүзгө ишенебиз.
– Эстрада ырчыларынан айырмаңар барбы?
– Чындыгында, жергиликтүү эстрада ырчыларын эч кимибиз укпайбыз деле, алардан айырмабыз чоң. Мисалы, биз фонограмма, минусовка менен ырдабайбыз. Бир гана аспаптардын коштоосунда жандуу үн менен аткарабыз.
Лунара Бекиева
star@super.kg