«Супер ремейк-2012» наамына талапкер АЗАМАТ САРЫБАЕВ:«НААМГА ТАТЫКТУУ БОЛГОНУМ ҮЧҮН КӨРСӨТҮЛДҮМ»

Азамат Сарыбаев «Бульварым», «Кыздар, ай» сыяктуу кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан көптөгөн эски ырларды жаңыча аткарып, эл арасында аты чыккан ырчы.

– Азамат мырза, айтсаңыз, кантип чыгармачылыкты тандап калдыңыз?
– «Болор бала башынан» дегендей, мен 3 жашымда эле орустардын «Время» деген маалыматтык берүүсүнүн музыкасы чыкты дегиче бийлеп баштачу экенмин. Ата-энем кесиби боюнча медицина кызматкерлери болсо да, атам аккордеон менен гормошкада жакшы ойнойт. Мен дагы 3-класстан тарта комуз үйрөнүп, мектепте кандай гана сынак, концерт болбосун, сөзсүз ырдап, катышар элем. Ошентип жүрүп, чыгармачылыкка каалоом күчөп кетти.

– Анан билимди да ушул жаатта уланттыңызбы?
– Ооба, Казармандан орто мектепти бүтүп келгенде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшыргам. Ал жакты бүтүп, Улуттук консерваторияда билим алдым. Азыр болсо Аламүдүн районунун Маданият үйүндө иштейм. Кыскасы, чыгармачылык чыйыр менен эле келатам.

– Үй-бүлөңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз...
– Келинчегимдин аты Каныкей. Таластын кызы болот. Бир кыз, бир уулум бар. Кызым 10 жашта, ал дагы музыкага шыктуу. Талантым ага жукса керек, азыр чоң сахнага чыгып ырдай баштады.

– Эмнеге көбүнчө эски ырларды ырдайсыз?
– Окуп жүргөндө жалаң эски ырларды ырдап жүргөнгөбү, сиңип калса керек. Кала берсе алардын маанилери да терең болот эмеспи. Азыр андай муюп уга турган ырларды кезиктире элекмин.

– Кыргыздын атын чыгарып сынактарга катышып келесиз. Ошол тууралуу кеп салсаңыз...
– Август айында «Чыгыш базары»сынагына барып, 25 мамлекеттин ичинен 3-орунга татыдым. Андан кийин Казакстанда өтүүчү эл аралык сынакка чакыруу алгам. Келерим менен боордошторубузга жол тарттым. Сынак Казак Эл артисти Шамшы Калдаяковдун чыгармачылыгына арналып, шарт боюнча анын 4 ырын аткарышыбыз керек эле. Кызуу даярдыктардын жыйынтыгында Казакстан, Монголия, Кыргызстан, Кытайдан катышкан өнөрпоздордун арасынан 3-орунга татыдым.

– Жакшы экен. Быйылкы жылы «Бульварым» аттуу эски ырга жаңы өмүр берип, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Супер ремейк» наамына талапкер болдуңуз. Жеңериңизге ишенесизби?
– Чынында, бул нерсе мага күтүлбөгөн жагымдуу окуя болду. Татыктуу болгонум үчүн бул наамга көрсөтүлүп жатсам керек. Буюрса, супер концертте көрөбүз жыйынтыгын.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азамат Сарыбаев: "Наамга татыктуу болгонум үчүн көрсөтүлдүм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Begim8678
2012-11-09 19:29:35
Чыгармачылыгынызга чон-чон ийгиликтерди к
аалайм. Унунуз менен адамгерчилигинизге баа берем.
0
Meka.J
2012-12-02 03:21:59
4ygarma4ylygynyzga iigilik! Kyrgyz elime dagy koptogon iigilikterdi jarata beriniz.Alga AZAMATSYZ!
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан